Өзбекстан Акилов тууралуу мурда эле эскертилгенин билдирди

Рахмат Акилов Сүрөттүн автордук укугу SWEDISH POLICE

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Стокгольмдагы кол салууга айыпталып жаткан Рахмат Акилов тууралуу маалымат таратты. Теги өзбекстандык Акиловдун коркунчу тууралуу Өзбекстандын атайын кызматы мурда эле эскертүү жасаганы айтылат.

Бир апта мурун Акилов Стокгольмда оор жүк тарткан унааны айдай качып, тротуарда бараткан бир нече кишини сүздүргөн.

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бул кол салуунун алдында эле Өзбекстан 39 жаштагы Акиловко экстремизм боюнча айып тагып, эл аралык издөө жарыялаганын билдирди.

Өзбекстандын атайын кызматы ал "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун тажик ячейкасынын таасири алдында калган болушу мүмкүн деп болжогон.

7-апрелде Стокгольм шаарынын борбордук бөлүгүндө оор жүк тарткан унаа жолдун жөө жүргүнчүлөр баскан тилкесине өтүп келип, кишилерди сүзгөн.

Андан төрт киши каза таап, 12 киши жаракат алган. Швециянын полициясы бул окуяны теракт деп баалады.

Кийин унааны уурдай качып, кол салган киши Акилов экени белгилүү болду. Ал бир нече сааттан кийин кармалган. Кол салуу учурунда унаа дүкөндү сүзүп токтогон. Ошондо Акилов жаракат алган экен. Бирок окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

11-апрелде сотто Рахмат Акиловдун баш коргоо чарасы каралып жаткан учурда ал күнөөсүн моюнуна алган.

Стокгольм шаарынын полициясы Рахмат Акилов 2014-жылы Швеция бийлигине туруктуу жашоо макамын берүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок тескери жооп алганын билдирген. 2016-жылы декабрда ага төрт аптанын ичинде өлкөнү таштап чыгып кетүү боюнча маалымдалган. Ушундан кийин ал дайынсыз кетип, миграция кызматы издөөгө алган экен.

Маалыматтарга караганда Өзбекстанда Акиловдун жубайы жана төрт баласы бар. (AbA)

Тектеш темалар