Түркияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө

Президент Эрдоган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түркияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүүдө. Өлкөнүн Баш мыйзамына жалпысы болуп 18 өзгөртүү сунушталган.

Шайлоочулар өзгөртүүлөрдү колдоп добуш берсе өлкөнүн тарыхындагы саясый чоң өзгөрүү болмокчу. Тагыраагы өлкө парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт.

Ошондой эле премьер-министрдин кызмат орду жоюлуп, парламенттеги депутаттар саны көбөйөт жана сот системасына өзгөртүү киргизилет.

Түрк бийлиги бул жол менен өлкөнүн башкаруу системасы чыңдалып жана жеңил болот деп ишендирүүдө. Эгерде эле референдум тыянактары күтүлгөндөй болсо, анда Президент Эрдоганга кошумча укуктарды бермекчи. Президент бир эле учурда өкмөттүн жана мамлекеттин башчысы болот.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Түркиядагы башкаруучу Акыйкат жана өнүгүү партиясы демилгелеген. Эрдоган мындан эки жыл мурун Президент болуп шайлангандан кийин эле мындай реформа зарыл экенин айткан эле. Бирок анын сынчылары авторитаризм өөрчүп кетет деп кооптонууда.

Өзгөртүүлөрдү колдогондор башка өлкөлөрдөгү саясый системаны мисал тартууда. Айталы, Франция жана АКШдагы президенттин ролу тууралуу айтып жатышат. Эрдоган сотторду колго алып, парламентти көзөмөлдөп калат деген сындарды четке кагууда.

Ошондой эле өзгөртүлүп жаткан Конституцияда аскер кызматкерлеринин укуктары чектелген. Куралдуу күчтөргө тиешеси бар кишилер шайлоого катыша албайт.

Жаңы Баш мыйзам Режеп Тайып Эрдогандын 2029-жылга чейин бйиликте калуусуна жол ачат. Мыйзамда президенттик кызматтын мөөнөтү беш жыл болуп, эки мөөнөткө шайланууга укук берет. Эгер Эрдоган 2019-жылдагы шайлоону утуп чыкса, дагы он жыл бийликте калууга мүмкүнчүлүгү бар.

Референдумдун өтүшүнө өткөн жылы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшү себеп болуп калгансыды. Батыш өлкөлөрү ишке ашпай калган Түркиядагы аскер төңкөрүшүнөн кийинки камакка алуулар жана кугунтуктоо боюнча терең тынчсыздануусун билдирип келген эле. Бул жолу Эрдоганды авторитардык бийлик курууга жанталашып жатат деп айыпташты.

Марттын соңунда Эрдоган референдумда жаңы өзгөртүүлөр колдоого алынса, ал "фашисттик" жана "катаал" Европага жооп болот деп билдирүү жасаган.

Референдум алдында Түркия менен Батыш өлкөлөрү ортосунда пикир келишпестиктер көп болду. Рефрендум боюнча Нидерландиядагы мигранттарына үгүт жүргүзүү үчүн келген эки түрк министрин бул өлкөгө киргизбей коюшкан. Австрия, Германия жана Швейцария бийлиги түрк расмийлеринин ушундай жолугушууларына тыюу салган.

Түрк диаспоралары жашаган көптөгөн Европа өлкөлөрү коомдогу чыңалууну жаратпасын деп чочулап, түрк расмийлери менен боло турган жолугушуу, митингдерге каршы болгон эле.

Түркиянын Конституциясы 1982-жылы 7-ноябрда бүткүл элдик референдум аркылуу кабыл алынган. Бул өлкө тарыхындагы төртүнчү Баш мыйзам болуп, анын авторлору аскер жетекчилери болгон. Анткени 1980-жылы аскер төңкөрүшүнөн кийин алар бийликке келишкен болчу. (AbA)

Тектеш темалар