Түркияда референдум колдоо тапты

Түркияда референдум колдоо тапты Сүрөттүн автордук укугу AFP

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши шайлоочулардын көпчүлүгү Баш мыйзамды өзгөртүүнү жактап добуш бергенин билдирди.

Кеңештин төрагасы Сади Гювен добуштар дээрлик эсептелип бүтүп, 600 миң гана шайлоочунун добушу калганын айтты. Бирок калган добуштар шайлоо тыянагына таасир этпейт деди Гювен. "Макул" деп добуш бергендер каршы добушка караганда 1 млн 250 миңге көп болгон деп билдирет Рейтер агенттиги.

Соңку тыянактар боюнча 99,45% бюллетен саналгандан кийин шайлоочулардын 51,37% Конституцияны өзгөртүүгө макулдук берип, ал эми 48,63% каршы добуш берген.

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий билдирүүгө чейин эле жеңишти жарыялап жиберди.

Реформанын жактоочулары менен ага каршылардын ортосундагы добуштардын айырмасы чоң деле эмес. Ошондуктан оппозиция добуш берүү тыянактары боюнча соттошорун айтты.

Алдынала маалыматтарга караганда өлкөдөгү ири шаарлар Стамбул, Анкара, Измирде шайлоочулардын дээрлик көпчүлүгү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы добуш берген. Конституцияны өзгөртүүгө Британия, АКШ, Орусияда жашаган түрк жарандары каршы болгон. Деген менен борбордук Европа өлкөлөрүндөгү түрк жарандары өзгөртүүгө макул болуп добуш беришкен.

Ошентип жекшембидеги шайлоодон кийин Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкаруудагы өлкөгө айланды. Эрдогандын жактоочулары башкаруунун бул ыкмасы өлкөнү модернизация кылганга жардам берет десе, ага каршылар авторитаризм өөрчүп кетет деп кооптонууда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Эрдоган эмне деди?

«Бүгүн Түркия тарыхый чечим кабыл алды",-деди Эрдоган Стамбулдагы Хубер сарайындагы резиденцияда өткөн брифинг учурунда.

"Эл менен бирге биз өлкө тарыхындагы маанилүү реформаны ишке ашырдык",-деген Эрдоган, баарын шайлоо тыянактарын сыйлоого чакырды.

Оппозиция макул эмес

Негизги эки оппозициялык партия добуш берүү жыйынтыктарына макул эместигин билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бюллетенде "ооба" жана "жок" деген гана тандоо болду.

Рейтер агенттиги Элдик демократиялык партиясы мажбурлап добуш болгонун билдирди деп жазды. Күрттөргө ыктаган бул партия шайлоо бийлик тарабынан партия лидерлерин кугунтуктоо болуп, шайлоо өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган шартта өткөндүктөн, анын легитимдүүлүгү күмөн жаратат деп билдирген.

Элдик республикалык партия добуштардын 60 пайызы боюнча соттошуу ниетин айткан. Шайлоодогу эң олутту окуя бул Диярбакыр провинциясындагы шайлоо участкасында үч адамга ок атылганы болду. Бул жаңжалдын себеби саясый оппоненттердин талашынан чыккан деп айтылууда.

Болжолу 55 млн шайлоочу добуш берүү укугуна ээ болгон. Шайлоонун расмий тыянактары жакынкы сааттарда жарыяланат.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Жаңы Конституция кандай болот?

  • Конституциянын долбоорунда кийинки президенттик жана парламенттик шайлоо 2019-жылдын 3-ноябрында болот деп көрсөтүлгөн. Президент беш жылдык мөөнөт менен эки жолу шайлана алат.
  • Президент министрлерди жана жогорку кызматтагы чиновникетрди түз дайындайт:
  • Бир же бир нече вице-президенттерди дайындай алат:
  • Премьер-министрдин кызмат орду жоюлат:
  • Президент юридикалык системага кийгилишүүгө укуктуу болот:
  • Президент өзгөчө кырдаал абалын киргизе алат.

Тектеш темалар