АКШнын вице-президенти Сеулду коргоого кудуретибиз жетет деди

вице-президенти Майкл Пенс Сүрөттүн автордук укугу AFP

АКШнын вице-президенти Майкл Пенс КЭДР менен мамиле кандай жакка өнүксө дагы Вашингтон баарына даяр деп билдирди.

АКШ расмийи кандай болгон күндө дагы Вашингтон Түштүк Корея менен бирге турарын баса белгиледи. Анын айтымында, АКШ кырдаалды тынч жол менен жайгарууга умтулат.

Бул билдирүүнү Майкл Пенс Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасында туруп жасады. Ал Корея жарым аралын бөлүп турган аймактагы америкалык аскерлердин көзөмөлүндөгү БУУнун "Бонифас" командалык пунктунда болгон.

Вашингтон менен Пехньян ортосундагы мамиле жаз айынын башынан тарта курчуп кетти. Марттын башында КЭДР төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүп, муну Япониядагы америкалык базаларга сокку уруу машыгуусу деп атаган эле.

КЭДРдин ракеталык сыноосу эл аралык коомчулуктун сын-пикирине кабылган жана АКШнын каарына калды.

Соңку күндөрү КЭДР менен АКШ бири-биринин дарегине кескин маанайдагы билдирүүлөрдү жолдошту. Түндүк Корея эгерде АКШ өзөктүк курал менен сокку ура турган болсо, анда ага жооп берин билдирди. Трамп болсо КЭДР "маселесин чечерин" айтып Корей жарым аралына аскер флотун жөнөттү.

Ушундан кийин КЭДР дагы бир ракетасын сыноодон өткөрүп, бирок ал ийгиликсиз болуп калган.

Тектеш темалар