Израиль абак жайындагы миңдей палестиналык ачкачылык жарыялады

Марван Баргути Сүрөттүн автордук укугу AFP

Израилдин абак жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан миңден ашуун палестиналык ачкачылык жарыялады.

Каршылык акциясы Израилде өмүр боюу абак жазасына өкүм кылынган палестиналык кыймылдын лидерлеринин бири Марван Баргутинин чакырыгынан кийин башталган.

Палестина автономиясынын өкүлү Исса Каракенин айтымында, түрмөдө ачкачылык жарыялаган палестиналыктар саны болжолу 1300, бул сандар дагы өсүшү мүмкүн.

"Палестиналык эркинен ажыратылгандар клбу" деп аталган бейөкмөт уюмунун маалыматында ачкачылык жарыялагандар саны 1500 киши.

Палестина автономиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, жалпысы болуп Израиль аба жайларында кармалып турган палестиналыктар саны болжолу 7000 киши.

Марван Баргути 2004-жылы Израиль соту тарабынан беш адамды өлтүргөн деген айып тагылып, өмүр боюу эркинен ажыратылган.

Тектеш темалар