Financial Times: постсоветтик мейкиндикте орус тили позициясын жоготууда

Британ басылмалары

Соңку 20 жыл ичинде орус тили мурдагы советтик өлкөлөрдө өзүнүн позициясын жоготууда. Мурдагы советтик өлкөлөр өзүнүн лингвистикалык суверенитетин чыңдоого умтулууда деп жазат Financial Times басылмасынын кабарчысы Стив Жонсон.

Бул тенденция Москванын таасири төмөндөп, орус Президенти Владимир Путин дүйнөлүк аренадагы мурдагы супердержаваны кайра жаратуу үчүн Украина жана Сирияга аскердик жол менен кийгилишип жаткан учурга туш келди.

БУУнун улуттук сурамжылоосунун маалыматына таянсак, бул жараян Казакстанда абдан тездик менен жүрүп жатат. Бул өлкөдө 1994-жылы орус тилинде пикир алмашкандар саны 33,7 пайызды түзсө, 2016-жылы бул сан 20,7 пайызды түзгөн. Бул тенденция дагы сакталышы мүмкүн. Анткени өткөн аптада Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев латын арибине өтүүнү жарыялады.

Эстония жана Латвияда орус тилин негизги тил катары атагандар саны 1994-жылдан бери 10 пайызга кыскарган. Мындай көрүнүш Украинада дагы байкалып жатат. Орус тилдүү калктын саны Азербайжан, Литва, Түркмөнстан жана Өзбекстанда дагы кыскарып барууда деп жазат басылма.

2008-жылдагы Орусия менен жаңжалдашуудан кийин Грузияда орус тилдүүлөр саны 1,1% кыскарган. Өлкөнүн мурунку Президенти Михаил Саакашвили экинчи тил катары мектептерде окутулуп жаткан орус тилин англис тилине алмаштыруу тууралуу тапшырма берген.

Macro-Advisory консалтинг фирмасынын өкүлү Крис Уифер бул жараянды: "Бул өлкөлөр советтик режимдин бекем чеңгээлинде жашап келген. Алар өз алдынча болгондон кийин ошол кездеги чектөөлөрдүн баарынан арылууну каалап жатышат. Анын ичинде тилден дагы" деп белгилеген Financial Times басылмасына.

Уифердин айтымында, бул өлкөлөрдүн орс тилинен арылууга умтулуусу "орусиялык таасирдин алдында калбоо үчүн өзүн оолак кармоо, маданий жана биринчи кезекте саясый таасирден", ошондой эле орусиялык "пропаганда жана жаңылыктар алардын ички ишине таасир этүүсүнөн" сактануу.

Бир гана өлкө жалпы катардан чыгып турат дейт Financial Times басылмасындагы макаланын автору. Бул - Белоруссия, өлкөдө 1994-жылы дээрлик калктын жарымы орус тилин эне тили катары атаса, 2016-жылы бул сандар 71% болгон. Бул өлкөдө орус тили расмий макамга ээ. (AbA)

Тектеш темалар