Түркиядагы референдум жыйынтыгына эл аралык пикирлер

Добуш берүү жыйынтыгына каршылар Стамбулдун айрым райондорунда бош идиштерди кагып протестке чыкты Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Добуш берүү жыйынтыгына каршылар Стамбулдун айрым райондорунда бош идиштерди кагып протестке чыкты

Добуштардын 99,97 пайызынын эсеби боюнча шайлоочулардын 51,41 пайызы ооба десе, 48,59 пайызы каршы добушун берген.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Эрдоганга кайрылып, урматтоого негизделген диалог түзүүгө чакырды.

Ал эми Европа кеңеши түрк жетекчилиги кийинки кадамдарына, өзгөчө көз карандысыз сот системасына көңүл буруш керек деди.

Европарламенттин президенти Антонио Таяни Түркияда өлүм жазасы киргизилиши мүмкүн экенин кабатырлануусун билдирип, бул тууралуу “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Сүрөттүн автордук укугу GETTY IMAGES
Image caption Оппозиция добуштардын жыйынтыгы боюнча соттошууга даяр

Австриянын премьер-министри Себастьян Курц Түркиянын Евробиримдикке кириши тууралуу маселеге чекит коюш керек деди. Ал Түркиядагы добуш берүү Евробиримдикке каршы таамай белги болчу деп, Евробиримдиктен так реакция күткөнүн кошумчалады. Өлүм жазасын алуу Түркиянын биримдикке кириши үчүн негизги талаптардын бири болчу.

Айрым басылмаларда Пакистандын Түркияны куттуктаганы, ал бекем мамлекет болууга бет алганы жазылды.

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption Германиядагы түрк жарандары майрамдоодо

Оппозициялык “Элдик республикалык партиясынын” лидери Кемал Кылычдароглу мыйзам бузуулар орун алганын айтты: “Бирдей эмес шартта референдум өткөрдүк. Муну ансыз деле баары билет”.

Президент Эрдоган болсо элдин бул тандоосу тарыхый бурулуш деди.

Ал бул жөн гана чечим, жөн гана күн эмес, Түркиянын келечеги үчүн орчундуу өзгөрүү дейт.

АКШнын Түркиядагы мурдагы элчиси Жеймс Жефрей Эрдогандын шайлоо алдындагы үгүтүнүн тактикасы өзүн актады дейт. Ал дагы үгүт иштери учурунда бардык тараптын бирдей шарты болбогонун белгиледи.

“Муну ооба деп добуш бергендердин жеңиши деп айтыш кыйын. Анткени үгүт учурунда бардык административдик ресурстар президент Эрдоган тарабынан колдонулду. Үчүнчү ири партия - Күрт партиясынын лидерлери түрмөдө, алар үгүт жүргүзө алган жок. Ошондой эле жыйынтыкта чоң айырма жок”, - деди Жефрей.

Конституцяга сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, президенттик башкарууга өтүүдөн, премьердин орду жоюлуудан сырткары, президент сот системасына кийлигише алат. Эрдоган сот Фетхуллах Гулендин таасиринде деп айыптап келген. Ал ошондой эле реформалар аркылуу өлүм жазасын кайра киргизүү мүмкүн экенин айткан. (АК)