Петербургдагы жардырууну уюштурган деген шектүү кармалды

Петербургдагы жардырууну уюштурган деген шектүү кармалды Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Петербургдагы метродогу жардырууну уюштурган деп шектелгендердин бири Москва облусунун Одинцов районунда кармалды деп билдирди Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда кармалган шектүүнүн ысымы Аброр Азимов. Ал 1990-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринде туулган деп кабарланды мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Федералдык коопсуздук кызматы кармалган шектүүнү «теракты жасаган жанкечтини даярдаган» деп айыптоодо. Шектүү Орусиянын Тергөө комитетине өткөрүлүп берилген.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алып, он беш киши каза тапты. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу "Площади Восстания" станциясынан табылган. Тергөөчүлөр теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжоп жатышат.

Бул теракты иликтөө учурунда Орусиянын коопсуздук кызматтары сегиз кишини камакка алды. Аларды алтоосу Санкт-Петербургдан, экөө Москвадан кармалган. Кармалгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер. (AbA)

Тектеш темалар