Түркия өзгөчө кырдаал абалын дагы үч айга узартты

Ѳзгөчө кырдаал абалы 2016-жылы 16-июлдагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнөн кийин киргизилген эле. Ошондон бери бир нече ирет узартылды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ѳзгөчө кырдаал абалы 2016-жылы 16-июлдагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнөн кийин киргизилген эле. Ошондон бери бир нече ирет узартылды.

Түркия өзгөчө кырдаал абалын дагы үч айга узартты деп билдирди вице-премьер Нуман Куртулмуш. Мындай кадамга барууга өлкөнүн Улуттук кеңешинин чечими себеп болгон.

Ѳзгөчө кырдаал абалы 2016-жылы 16-июлдагы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнөн кийин киргизилген эле. Ошондон бери бир нече ирет узартылды.

Кезектеги чечим Түркия Президентинин укук, милдеттерин кеңейткен рефрендумдан кийин дароо кабыл алынып олтурат. Референдумдун расмий тыянактарына караганда, президенттик башкарууну колдоп добуш бергендер саны шайлоочулардын 51 пайызын түзгөн.

Ѳлкөдөгү негизги оппозициялык партиялар добуш берүү жыйынтыктары боюнча соттошорун билдирүүдө. Кечээ кечинде өлкөнүн ири шаары Стамбулда добуш берүү жыйынтыктарына каршы болгон акциялар өттү. Каршылык акциялары шаардын ар кайсыл райондорунда болду деп билдирет Ассошиэйтед пресс агенттиги.

Мунун алдында ЕККУ байкоочулары референдум боюнча отчетун жарыялаган. Анда референдум өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган шартта жана шайлоочулардын баары бирдей укукка ээ болбогон абалда өткөнү сынга алынган.

Эрдоган эл аралык байкоочулардын мыйзам бузуулар боюнча сын-пикирин четке кагып, «Өзүңөрдүн ордуңарды билгиле»,-деп жооп узатты. (AbA)

Тектеш темалар