Тажикстанда милиционерлер театрга барууга милдеттендирилди

театр Сүрөттүн автордук укугу GALIM+FASKHUTDINOV

Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода милиция кызматкерлерин айына эки жолудан театрга барып турууга милдеттендирди.

Муну министрлик кызматкерлерди маданий жактан агартуу жана деңгээлин көтөрүү аракети катары түшүндүрүүдө:

«ИИМ жетекчилиги өзүнүн кызматкерлерин айына эки жолу театрга барып турууга милдеттендирди. Бул албетте, алардын маданий деңгээлин көтөрүп, милициянын оң образын түзүү аракети»,-деди Би-би-сиге ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Умаржон Эмомали.

«Биз министр менен театрлардын биринде болдук. Баарыбызга абдан жакты. Муну ар апта сайын аткарып туруу чечими кабыл алынды»,-деп белгиледи ал.

Эми Тажикстанда милиция кызматкерлери аптанын дем алыш күндөрү театрга барып турушат. Албетте, театрга кирүү үчүн 10 дон 30 сомониге чейинки (1-3 доллар) билеттин акчасын чөнтөгүнөн төлөшөт. Кызматкерлер эгер кааласа үй-бүлөсү менен келсе да болот дейт ИИМ.

Ички иштер министрлиги кызматкерлери кайсыл театрга жана кандай спектаклдерди көрүүгө барары тууралуу кеңири түшүндүрмө берген жок. Алар көрө турган пьесалар мекенге болгон сүйүү тууралуу же патриотизмге тарбиялаган чыгармалар болобу, ал жөнүндө так айтылган эмес.

Театрларга көмөк

Тажикстандык театрлар үчүн бул сыяктуу массалык маданий жүрүштөр бир гана жарнама гана болбостон, өздөрүнүн бюджетин толуктап алууга да чоң көмөк болуп калмакчы.

Тажик театрлары кинематография сыяктуу эле катаал учурду баштан кечирүүдө. Театрга жаңы кызматка орношкондордун айлыгы 50-70 доллардын тегерегинде. Көпчүлүк учурда театрдагы оюндарга мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди, окуучуларды, студенттерди мажбурлап алып келүүгө аргасыз болушат. Аргасыз бул кесиптен жаш актерлор баш тартып кетип жатат. Спектаклдер жарым-жартылай эл толгон залда өтөт.

Белгилүү тажикстандык режиссер Барзу Абдуразоков, театрга келгендер аз болуп жаткан себебин драматургиянын өтө чабал болуп баратканы менен түшүндүрөт.

Ал эми актерлордун айтымында, режиссерлор бийликке оңтойсуз темаларды көтөрө алышпайт. Ал эми роль жараткан актерлор болсо чиновниктерге ыңгайсыздык алып келген каармандарды ойногондон баш тартышат.

Бир эле маданият эмес, физикалык даярдык дагы

Тажикстандын Ички иштер министрлиги жыл башында ашыкча салмактуу кызматкерлерине эгер жумуштан кетүүнү каалабаса, анда арыктоону милдеттендирген.

Министр укук коргоо органында иштеген кызматкердин ашыкча салмак менен жүргөнү анын иштөө жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет деп эскерткени бар. Соңку жылдары бул көйгөй актуалдуу болуп баратканы айтылган. Ошондон тарта «ашыкча салмак» менен күрөш башталды. Бул үчүн атайын комиссия дагы түзүлүп, көзөмөл күчүндө.

Кээде өлкөнүн Ички иштер министри кандайдыр бир көйгөйдү чечүүгө карата таң калтырган демилгеси менен да белгилүү. Айталы, үч жыл мурун министр Рамазон Рахимзода тишелүү мекемелерди тажик жарандарынын моралдык жүрүм-турумун тыкыр текшерип чыгууга чакырган. Министрдин тынчсыздануусуна сойкулук, кулчулукка тартуу сыяктуу сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын өсүп жатканы себеп болгон экен.

Ошондой эле министр болочоктогу жубайларды үйлөнүү үлпөттүн алдында, бири-бирин мурда кылмыш кылган эмеспи жана жыныстык жол менен жуккан илдеттерге кабылган эмеспи деп текшерүүсү керек деген сунушун айтып чыкканы бар.

Андан мурун наркотрафик менен күрөшүүгө кызыкдар өлкөлөргө ооган фермерлери өндүргөн баңгизаттарды сатып алып, аны фармацевтикалык өндүрүш үчүн пайдалануу же жок кылып салуу тууралуу сунушун берген.

Тектеш темалар