Трамп Эрдоганды референдумдагы жеңиши менен куттуктады

АКШ Президенти Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШ Президенти Дональд Трамп Түркиядагы рефрендумдун тыянактары жарыялангандан кийин Режеп Тайип Эрдоганды жеңиши менен куттуктады.

Бул тууралуу Ак үй тараткан маалыматта айтылат. Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Трамп Эрдоганга "химиялык курал колдонгону үчүн сириялык режимге жооптук чабуул жасаганын колдоого алганына" ыраазычылык билдирген (АКШ Сириянын аскердик аба майданына 59 канаттуу ракетасы менен сокку уруп, Президент Трамп муну Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деген).

"Лидерлер Сирия Президенти Башар Асадды жоопкерчиликке тартуу маселесинде бир пикирде болду",-деп белгиленген Ак үй тараткан маалыматта.

Дүйнөлүк лидерлердин ичинен Эрдоганды куттуктагандар Белорус Президенти Александр Лукашенко жана Азербайжан лидери Ильхам Алиев болду.

Евробримдик добуштардын тыянактарында аз гана айырма болгонуна жана айрым мыйзам бузууларга көңүл бурду.

Кремль тарабынан Эрдоганга куттуктоо болгону тууралуу эч кандай маалымат болгон жок. Путиндин басма сөз катчысы Песков, референдум Түркиянын жеке иши экенин жана түрк элинин эркин билдирүүсүнө ызаттоо менен мамиле кылууга чакырды.

Түркия өткөн жекшембиде Президенттин укук, милдеттерин кеңейткен рефрендум өткөрдү. Референдумдун расмий тыянактарына караганда, президенттик башкарууну колдоп добуш бергендер саны шайлоочулардын 51 пайызын түзгөн.

Ѳлкөдөгү негизги оппозициялык партиялар добуш берүү жыйынтыктары боюнча соттошорун билдирүүдө. ЕККУ байкоочулары референдум өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган шартта жана шайлоочулардын баары бирдей укукка ээ болбогон абалда өткөнү сынга алынган.

Эрдоган эл аралык байкоочулардын мыйзам бузуулар боюнча сын-пикирин четке кагып, «Өзүңөрдүн ордуңарды билгиле»,-деп жооп узатты.

Тектеш темалар