Мэй мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүүнү жарыялады

Тереза Мэй Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 8-июнда мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өткөрүү ниетин билдирди.

Парламентти таратуу жана шайлоо өткөрүү боюнча ниетин Тереза Мэй министрлер менен өткөргөн чукул жыйында билдирди.

Мэй бул чечимди өлкө Европа биримдигинен чыгып жаткан учурда кырдаалды стабилдүү кармоого умтулуу аракети деп түшүндүрдү.

"Келгиле, эртең шайлоо өткөрүүгө добуш беребиз. Бул аркылуу элдерге шайлоо мүмкүнчүлүк тартуулайбыз", - деди Мэй өз сөзүндө.

Парламенттин мөөнөтү үч жылдан кийин соңуна чыкмак. Буга чейин Мэй 2020-жылга чейин парламентти таратылбай турганын айтып келгени бар.

Британияда буга чейинки парламенттик шайлоо 2015-жылдын 7-майында өткөн. Бул жолку шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө парлмент 19-апрелде добуш берет. Чечим кабыл алынышы үчүн парламенттегилердин үчтөн экиси макул болушу керек.

Лейбористтердин лидери Джереми Корбин премьер-министрдин сунушуна макул болуп, бул шайлоо британиялыктар үчүн көпчүлүктүн кызыкчылыгын коргогон бийликти шайлап алууга мүмкүнчүлүк түзөт деп билдирди.

Тектеш темалар