Цукерберг: Facebook Live аркылуу чыккан окуядан тыянак чыгарабыз

Марк Цукерберг Сүрөттүн автордук укугу facebook

Facebook негиздөөчсүсү Марк Цукерберг Роберт Годвиндин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Годвиндин өлүмү тартылган тасма социалдык тармакка чыгып кетип, бир нече саат илинип турган.

74 жаштагы Роберт Годвин Огайо штатындагы Кливленд шаарында өткөн жекшембиде Стив Стивенсен деген киши тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал анын кокус эле алдынан чыккан курмандыгы болуп калганы айтылып жатат.

Годвин чиркөөдөн келе жаткан учурда ага ок атылган. Стивенс аны атып өлтүргөн учурун тасмага тартып алып, "Фейсбукка" жайгаштырган. Андан соң Facebook Live аркылуу түз чыгып, ондогон адам өлтүрүү кылмышына барганын айтып берген.

Шейшембиде Стивенс полиция кармоого аракет кылган учурда өзүн-өзү кол салган.Полиция Стив Стивенстин өлүмү тууралуу кабарды Facebook тармагын иштеп чыккандардын жыл сайын өтүүчү F8 конференциясынын алдында жасады.

Жыйында Цукерберг сөз сүйлөгөн. Анын социалдык тармагы бул окуядан кийин сын-пикирге кабылды. Көптөгөн даттанууларга карабастан Стивенс жарыялаган мыкаачылык тасмасы эки сааттан ашуун сайтта илинип турган.

Кливленддин полиция жетекчиси басма сөз жыйынын өткөрүп, бул окуядагы "Фейсбуктун" ролуна кеңири токтолду. Социалдык тармак чоң күчкө ээ болуп, тескери кесепети да ошончолук деди Калвин Уильямс.

"Кишилер социалдык тармактар аркылуу өзүнүн бүт жашоосун көрсөтпөшү керек, анан калса башкаларды жаман абалга салуу үчүн соцтармакты колдонбош керек",-деп белгиледи Уильямс.

"Келечегинде бул сыяктуу трагедияларга жол бербеш үчүн биздин алдыбызда чоң иштер турат",-деп билдирүү жасады Марк Цукерберг.

"Ооба, алар бул кырдаалда чукул чара көрүшү керек болчу. Бирок кеп оңбогондой татаал көйгөй тууралуу болуп жатат",-дейт Цукербергдин айткандары боюнча Би-би-сиге комментарий берген CCS Insight компаниясынын аналитиги Жефф Блейбер. Ал дагы F8 конференциясына катышты.

"Facebook компаниясында абдан көп таланттуу кызматкерлер бар. Ошондой эле жасалма интеллектти өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатат. Менимче, бул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө дал ушул чоң жардам берет деп болжоп жатам. Дал ушул жасалма интеллект социалдык тармактагы колдонуучулар тарабынан коюлган материалдардын мазмунун аныктап, аны өчүрүүдө, таап чыгууда убакытты дагы үнөмдөгөн негизги табылга болуп калат". (AbA)

Тектеш темалар