Калифорния тургуну расисттик жек көрүүдөн улам үч кишини өлтүргөн

Калифорния тургуну Сүрөттүн автордук укугу FRESNO COUNTY SHERIFF

АКШнын Калифорния штатынын Фресно шаарында кара терилүү кишинин кол салуусунан үч адам каза таап, бирөө жаракат алган.

Жергиликтүү полициянын жетекчиси Жерри Дайер бул кол салууну ишке ашырган Кори Али Мухаммед 90 секунд аралыгында 16 ирет ок чыгарганын айтты. Полиция аны кармаган учурда ал "Аллах акбар" деп кыйкырган. Бийлик бул кылмышты терроризм эмес, расисттик жек көрүүдөн улам чыккан чатак катары териштирип жатат.

Полициянын айтымында, Мухаммед буга чейин социалдык тармактар аркылуу өкмөткө каршы көз караштарын билдирип, ак кишилерди жек көрө турганын да жазып келген. Ал өткөн аптада мейманканалардын биринин күзөтчүсүн өлтүргөн деген шек менен изделип жаткан экен.

"Ал мүмкүн болушунча көп кишини өлтүрүүнү каалаган»,-деди Дайер.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча болжолу саат 10:45те болгон. Күбөлөр колунда чоң пистолети бар кишинин бир нече ирет ок чыгарганын көрүшкөнүн айтышкан.

Тектеш темалар