Орусияда терроризм үчүн жарандыгынан ажыратуу сунушталды

Орусиянын мамлекеттик Думасы Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Орусиянын Мамлекеттик думасындагы төрт фракциянын лидерлери террористтик мүнөздөгү кылмыш менен соттолгондорду орус жарандыгынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Документке караганда кеп туулганда эле орус жарандыгын алгандар жөнүндө эмес, кийин жарандыкка кабыл алынгандар тууралуу жүрүүдө.

Мыйзам долбоорунун авторлору «Бирдиктүү Орусиядан» Владимир Васильев, КПРФ Геннадий Зюганов, Владимир Жириновский ЛДПР фракциясынан жана «Акыйкат Орусиядан» Сергей Миронов.

Сунушталган мыйзам долбоорунда «Орусия Федерациясынын жарандыгы тууралуу» федералдык мыйзамдын 22-беренесине өзгөртүү киргизүү каралган. Анда жарандык берүү же баш тартуу боюнча негиздемелер көрсөтүлгөн. Азыркы мыйзамда эгерде жарандык алып жаткан киши өзү тууралуу жалган маалыматтарды бергени, жасалма документтерди колдонгону сот тарабынан аныкталса, жарандык берүүдөн баш тартууга негиз болот деген себеби көрсөтүлгөн экен. Ал эми өлкөнүн Баш мыйзамында «Орусия Федерациясынын жараны жарандыктан ажыратылбайт жана аны башка өлкөнүн жарандыгына алмаштырууга укугу жок» деп айтылган.

Терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорду жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү буга чейин дагы сунушталып келгени бар. Бул маселени 3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууга шектүүнүн 2011-жылы жарандык алганы белгилүү болгондон кийин өлкө Президенти Владимир Путин кайрадан көтөрдү.

"Конституцияга ылайык биз эч кимди жарандыгынан ажырата албайбыз. Бирок биз орус жарандыгын алууда негиз болуп берген чечимдерди жокко чыгара алабыз. Биз юристтер менен кеңешип, менимче, жакынкы убакытта ушундай чечим кабыл алынат",-деген эле Путин "Мир-24" телеканалына берген интервьюсунда.

Бул мыйзам парламентте эле эмес коомчулуктан да колдоо табат деп ишендирүүдө авторлор.

Тектеш темалар