КЭДРге жөнөтүлгөн АКШнын аскер кемеси башка эле багытты көздөй сүзгөн

Ракета ташуучу "Карл Винсон» кемеси. Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES
Image caption Ракета ташуучу "Карл Винсон» кемеси.

АКШ Президенти Дональд Трамптын билдирүүсүндө америкалык ракета ташуучу аскер кемеси менен аны коштогон чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү Түндүк Кореянын жээктерин көздөй жөнөгөн. Бирок иш жүзүндө алар башка тарапты көздөй сүзүп кеткени белгилүү болду.

Ѳткөн аптада Трамп аскер кемесин Түндүк Кореянын жээктерин көздөй жөнөтүп жатканын жарыялаган эле. Эми болсо АКШ куралдуу күчтөрүнүн Тынчокеан командачылыгы ракета ташуучу "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү оболу австралиялык аскерлер менен бирге өтө турган машыгууга катышуусу керек деп билдирди.

Башкача айтканда, Трамп деңиз кемеси жөнөтүлгөнүн айткан учурда, алар Австралия тараптан сүзүп келе жатышкан. Азырынча пландын өзгөргөнү атайын жасалганбы же түшүнбөстүк болдубу, белгисиз болуп турат.

Түндүк Корея менен АКШ акыркы күндөрү бири-биринин дарегине ачуу сөздөрдү жаадырды. КЭДР эгер АКШ тараптан өзөктүк курал менен чабуул болсо, анда ага сөзсүз жооп берерин эскертти. Президент Дональд Трамп өз учурунда КЭДР «маселесин чечерин» кайрадан убада кылды.

Марттын башында Түндүк Корея төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөн. Муну Япониядагы америкалык аскер базаларына сокку уруу машыгуусу катары түшүндүргөн эле. КЭДРдин бул аракети эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылды. АКШ менен Япония БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылды.

АКШ Президенти Дональд Трамп «чөлкөм коркунучтун жаңы деңгээлине чыкты» деп билдирген эле.

Ким Чен Ын болсо өлкө жакында континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрө турганын айткан.

Тектеш темалар