Тереза Мэй: ЕБ мүчөлүгү боюнча кайталап референдум болбойт

Британия Сүрөттүн автордук укугу PA

Британиянын Европа биримдигинин курамында калышын сактап калуу маселеси боюнча кайталап референдум өтпөйт деп билдирди премьер-министр Тереза Мэй.

"Артка кайтууга жол да болбошу керек»,-деген британ премьер-министри Би-би-сиге берген маегинде, эми өкмөт "брексит" боюнча берген убадаларын кармашы керек деп айтты.

52 пайыз шайлоочулар "брексит" үчүн добуш берген 2016-жылы жай айында өткөн референдумдан кийин өлкөдө экинчи референдум өткөрүү кампаниясы башталган.

Кайталап референдум өткөрүү боюнча онлайн-петиция бир нече миллион кол топтогон эле.

Шейшембиде Тереза Мэй парламентти мөөнөтүнөн мурун таратып, 8-июнда шайлоо өткөрүүнү жарыялаган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Теледебаттарга Мэй катышпайт

Би-би-сиге берген интервьюсунда Тереза Мэй шайлоо алдындагы теледебаттарга катышпай турганын айтты.

"Мен шайлоочулар менен баарлашканды артык көрөм",-деди ал.

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин премьер-министрди ачык теледебаттан качып жатат деп айыптаса, либерал демократтар телекызматкерлерге кайрылып, Тереза Мэйдин ордуна бош орундук коюп койгула деди.

Мэйдин теледебаттарга катышкысы келбей жатканын Корбин таң калтырган көрүнүш атап, чечимин өзгөртүп, лидерлигин көрсөтүүгө үндөдү. Бул боюнча башка саясый күчтөр дагы нааразылык билдирип, "британдыктар теледебат аркылуу өлкө келечеги тууралуу ким кандай ойдо экенин билиши керек" деп жатышат.

Мэй чукулунан мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү боюнча жарыялап, көптөрдү дендароо абалга кептеди. Анткени акыр аягына чейин Мэй мөөнөтүнөн мурун шайлоо болбой турганын айтып келген. Шаршембиде парламентарийлер премьердин бул демилгеси боюнча добуш беришет.

Консерваторлордун лидери болгон Мэй азырынча баардык сурамжылоолор боюнча алдыда баратат. Ал мөөнөтүнөн мурун шайлоо өткөрүү боюнча чечимин өлкө Европа биримдигинен чыгып жаткан учурда кырдаалды стабилдүү кармоого умтулуу аракети деп түшүндүргөн.

Тектеш темалар