Петербургдагы жардырууну уюштурган делген шектүү күнөөсүн моюнуна алган жок

Москванын Басман райондук соту Сүрөттүн автордук укугу ANTON NOVODEREZHKIN/TASS

Москванын Басман райондук соту Петербургдагы метродо болгон жардырууну уюштурган деп шектелген Аброр Азимовду 3-июнга чейин камакта кармоо чечимин чыгарды. 45 күндүн ичинде шектүүгө расмий айып тагылышы керек.

Соттун жүрүшүндө Азимов Петербургдагы жардырууга түздөн-түз катыштыгы жок экенин айткан. Бирок анын айткандары менен адвокаты берген маалыматтар эки ача чыгып калды. Анткени журналисттерге маалымат берип жатып Азимовдун адвокаты ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын билдирген болчу.

«Мен камакка алууга макулмун, бирок жардырууга катыштыгым болгону тууралуу айткан эмесин",-деп Азимовдун сотто айткандарын орусиялык сайттар жазууда. Сотто Азимов теракт уюштурууга катышып жаткандыгын билбегендигин айткан экен.

Азимовду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 17-апрель күнү Москва облусунун Одинцов районунда кармаган. Ал "Петербургдагы метродо болгон теракты ишке ашырган жанкечтини даярдаган» деп шектелүүдө.

Коопсуздук кызматы тарабынан Азимовду кармоо операциясы тасмага тартылган. Анда коопсуздук кызматкерлери Азимовдун жанынан "Макаров" үлгүсүндөгү пистолетти ок-дарысы менен алып чыкканын көрүүгө болот.

Сүрөттүн автордук укугу TASS
Image caption Азимовду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 17-апрель күнү Москва облусунун Одинцов районунда кармаган.

"Эмнеге кармалганыңды билесиңби?,-деген сурооого , ал "ооба" деп жооп берип жатат.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда Аброр Азимов 1990-жылы туулган. Ал азыр Орусия жараны экен. Сот жүрүшүндө Азимов теги кыргызстандык экенин айткан. Анын жубайы жана кызы бар.

Азимовдун агасы менен жеңеси Кыргызстандагы «24.kg» агенттигине Азимов тууралуу айтып беришкен. Анын Петербургдагы жардырууга катыштыгы бар дегенге ишенбей жатышканын айтышкан. Туугандарынын айтымында, "Аброр менен Акрам (Абородун агасы) эч качан диндин фанаттары болушкан эмес". Алар Кыргызстандан 2009-жылы Украинага кетишип, 2013-жылы Орусияга келишкен экен.

Сайттагы туугандары айтып берген маалыматтарга караганда, Аборор Азимов 2014-жылы үйлөнүп, жубайы жана кызы өткөн жылы Кыргызстанга келген. Кызы тубаса дартка чалдыгып, Абородун кичи мекени Жалал-Абад аймагында даарыланууда. Ал жерде апасы дагы жашайт. Атасы менен апасы ажырашып кетип, эч кандай карым-катнаш кылышпай турганын, атасы көп жылдан бери Орусияда экенин туугандары айтууда.

Абородун бир тууган агасы Кыргызстанда болгондуктан өлкөнүн коопсуздук кызматы суракка алганы тууралуу да маалыматтар айтылды. Азырынча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бул тууралуу маалымат бере элек.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алып, он беш киши каза тапкан эле. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу «Площади Восстания» станциясынан табылган. Тергөөчүлөр теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжоп жатышат.

Бул теракты иликтөө учурунда Орусиянын коопсуздук кызматтары сегиз кишини камакка алды. Аларды алтоосу Санкт-Петербургдан, экөө Москвадан кармалган. Кармалгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер. (AbA)

Тектеш темалар