Эксперттер Идлибде зарин газы колдонулганын ырастоодо

Жабыр тарткандардын көпчүлүгү балдар. Сүрөттүн автордук укугу EPA

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм апрель башында Сириянын Идлиб провинциясындагы аба чабуулу учурунда зарин газы колдонулган деген тыянакка келди.

Муну анализдер тастыктап турат деди аталган уюм. Көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Хан-Шейхун шаарына 4-апрелде жасалган аба чабуулунан кеминде 87 киши каза тапкан. Набыт болгон он кишиден алынган анализдер төрт лабораторияда текшерилди деди Химиялык куралга тыюу салган уюмдун жетекчиси Ахмет Үзүмжү.

Аба чабуулу учурунда каза тапкан үч кишинин анализи Химиялык куралга тыюу салган уюмдун эки атайын лабораториясына жөнөтүлгөн. Ошондой эле ооруканада дарыланып жаткан жети кишинин анализдери башка дагы эки лабораторияда текшерилген.

"Уюмдун төрт лабораториясында текшерилгенден кийинки анализдер көрсөткөндөй, бул жерде зарин же зарин сыяктуу каражат колдонулганы анык болду. Кеңири түшүндүрмөнү кийинчерээк алабыз. Бирок азыркы бар тыянактар талашсыз»,-деди Ахмет Үзүмжү. Эгерде кырдаал жол берсе окуя болгон шаарга барууга уюмдун адистери даяр деп кошумчалады ал.

Азырынча адистерден турган команда жабыр тарткандар менен сүйлөшүп, алардан анализдерди алууну улантууда.

Шаршембиде аталган уюмдагы Орусиянын өкүлү Александр Шульгин Москва Идлибдеги окуя «атайын жасалганын» күбөлөгөн далилдерди уюмга көрсөткөнүн айтып чыккан. Тактап айтканда, зарин газы колдонулган учурда жабыр тарткандардын кареги кичирейип кетерин айтып, бул жердеги «сүрөттөрдө балдардын кареги бакырайып эле турганын көрүүгө болот»,-деген ал ТАСС агенттигине.

Идлиб провинциясына урулган сокку

4-апрелде эрте менен Хан-Шейхун шаары бомба чабуулуна кабылган. Сириялык активисттер аскер учактары Сириянын түндүк-батышы тараптан учуп келгенин, орусиялык же сириялык аба күчтөрү болушу мүмкүндүгүн кабарлашкан.

Күбөлөрдүн айтымында, аба чабуулунан кийин эле кишилердин деми кысылып, айрымдарынын оозунан көбүк чыгып, эсин жоготкон.

Франция, Британия жана АКШ газ чабуулуна Дамаскты күнөлүү деп айткан болчу. Расмий Дамаск муну четке кагып келүүдө. Ал эми орусиялыктардын айтканы боюнча, Сириянын аба күчтөрү террорчулардын ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына чабуул жасаган болушу мүмкүн.

Мындан үч күн өткөндөн кийин 7-апрелде түндөсү Хомс провинциясындагы "Шайрат" аскер базасына америкалык аскерлер 59 "Томагавк" канаттуу ракетасын коео берген. АКШ Президенти Дональд Трамп муну Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу соккусу атаган эле.

Кремль Сирияга жасалган АКШнын ракеталык чабуулун катууга сынга алып, "эгемен өлкөгө каршы жасалган агрессия» катары мүнөздөдү. Ошол эле учурда сириялык аба базаларына сокку уруу менен АКШ кыйыр түрдө экстремисттик топтордун кызыкчылыгына төп келген иш кылды деп айткан.

Тектеш темалар