Он миңдеген венесуэлалыктар каршылык акциясына чыкты

Он миңдеген венесуэлалыктар каршылык акциясына чыкты Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Венесуэлада он миңдеген кишилер шершембиде борбор калаа Каракаста жана 20 шаарда каршылык акциясын өткөрүштү. Күбөлөрдүн айткандарына таянып, маалымат каражаттары акция учурунда бир студент башына ок тийип каза тапканын жазууда.

Демонстранттар мөөнөтүнөн мурун шайлоо жарыялоону жана оппозиция лидерлерин түрмөдөн бошотууну талап кылууда.

Бул жолку оппозициялык маанайдагы каршылык акциясы соңку үч жылдагы өлкөдөгү эң ири демонстрация болуп калды.

Каракаста бул акцияларга катарлаш эле азыркы Президент Николас Мадуронун тарапташтары митинг өткөрүштү. Алар оппозициялык активисттерди мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган деп айыпташууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Венесуэлада Президент менен парламентти көзөмөлдөгөн оппозиция ортосундагы каршылашуу уланып жатат. Мадуронун каршылаштары анын саясаты өлкөнүн экономикасын сазга батырып, демократиялык эркиндикти кысымга алууда деп эсептешет. Эл аралык валюта корунун маалыматына караганда, өлкөдөгү инфляциянын деңгээли быйыл 700% ашып кетиши мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Президент болсо оппоненттерин АКШнын колдоосу астында мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылып жатат деп айыптоодо.

Мунун алдында Латын Америкасындагы 11 өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Мадурого кайрылып, экономикалык каатчылык жана саясый олку-солкудан арылуу үчүн мөөнөтүнөн мурун шайлоого барууга чакырды.