Петербургдагы жардырууга шектүүнүн агасы дагы кармалды

17-апрель күнү Москва облусунун Одинцов районунда Акрам Азимовдун бир тууганы Аброр кармалган. Сүрөттүн автордук укугу ANTON NOVODEREZHKIN/TASS
Image caption 17-апрель күнү Москва облусунун Одинцов районунда Акрам Азимовдун бир тууганы Аброр кармалган.

Петербургдагы метродо болгон жардырууну уюштурган деген шек менен кармалган Аброр Азимовдун бир тууган агасы Акрам дагы Москвада кармалды.

Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 1988-жылы туулган Акрам Азимов кармалып, Тергөө комитетине алып келинген.

Коопсуздук кызматы билдиргендей Акрам Азимов «террордук актыны даярдоого сарпталган акчаларды которууга көмөк көрсөткөн» деп шектелүүдө. Ошондой эле андан «эл аралык террордук уюмдардын эмиссарлары менен байланыш түзгөн» деп шек санап жатышат.

Тергөө комитетинин басма сөз кызматы Акрам Азимов кармалган жерден РГД-5 гранатасы табылганын айтты. Алдыда анын баш коргоо чарасын кароо үчүн сот болот деп күтүлүүдө.

Мунун алдында 17-апрель күнү Москва облусунун Одинцов районунда Азимовдун бир тууганы Аброр кармалган. Ал "Петербургдагы метродо болгон теракты ишке ашырган жанкечтини даярдаган» деп шектелүүдө.

Коопсуздук кызматы тарабынан Аброр Азимовду кармоо операциясы тасмага тартылган. Анда коопсуздук кызматкерлери Аброр Азимовдун жанынан "Макаров" үлгүсүндөгү пистолетти ок-дарысы менен алып чыкканын көрүүгө болот.

Эки күн мурун Москванын Басман райондук соту Аброр Азимовду 3-июнга чейин камакта кармоо чечимин чыгарды. 45 күндүн ичинде шектүүгө расмий айып тагылышы керек.

Маалымарттарга караганда шектүү катары кармалгандардын теги кыргызстандык. Алар Орусия жарандыгын алышкан. Кыргызстандагы жергиликтүү «24.kg» агенттиги эки күн мурун Азимовдордун туугандарынын маегин жарыялаган эле.

Андагы маалыматтарга караганда, "Аброр менен Акрам эч качан диндин фанаттары болушкан эмес". Алар Кыргызстандан 2009-жылы Украинага кетишип, 2013-жылы Орусияга келишкен экен.

Абородун бир тууган агасы Кыргызстанда болгондуктан өлкөнүн коопсуздук кызматы суракка алганы тууралуу да маалыматтар айтылган болчу. Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бул тууралуу маалымат берген эмес.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алып, он беш киши каза тапкан эле. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу «Площади Восстания» станциясынан табылган. Тергөөчүлөр теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжоп жатышат.

Бул теракты иликтөө учурунда Орусиянын коопсуздук кызматтары сегиз кишини камакка алды. Аларды алтоосу Санкт-Петербургдан, экөө Москвадан кармалган. Кармалгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер.

Тектеш темалар