Австралия жарандыкка кабыл алуу боюнча жаңы эреже киргизди

Мельбурндагы жарандыкка кабыл алуу салтанаты. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мельбурндагы жарандыкка кабыл алуу салтанаты.

Австралия миграциялык мыйзамдарын катаалдаштырып, жарандыкка кабыл алуу процедурасын өзгөрттү. Жаңы эрежелердин киргизилгенин өлкөнүн премьер-министри Малкольм Тернбулл жарыялады.

Эми өлкөнүн жарандыгын алууга талапкер болгондор англис тили боюнча татаал тесттен өтүп, өлкөнүн баалуулуктары боюнча кеңири маалыматы болушу керек. Жарандык алам деп арыз бергендер өлкөдө төрт жыл туруктуу жашаганын да далилдейт. Мурда бир жыл туруктуу жашашы керек деп көрсөтүлүп келген.

Жарандык алууга үч жолу гана арыз берүүгө болот. Эгер алдоо жолу менен жарандык алууга аракет кылса экзаменден өтпөйт деп белгиленген.

Мунун алдында Австралия бийлиги чет өлкөлүк мигранттарга жумушчу визасын берүү боюнча эрежелерин дагы өзгөртө турганын айткан эле.

Тернбуллдун айтымында, бул эрежелер мигранттардын австралия коомуна жакшы интеграция болушуна өбөлгө түзөт. «Австралиялык баалуулуктар» деген, бул -гендердик теңчилик жана дин тутуу эркиндиги деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

"Аялдарга жана балдарга болгон урмат-сый Австралиянын негизги баалуулугу»,-деди Тернбулл.

Тектеш темалар