ФСБ: Петербургдагы терактты жасоого буйрук берген киши аныкталды

Александр Бортников шектүүнүн өздүгү жана башка маалыматтары жөнүндө эч нерсе айткан жок Сүрөттүн автордук укугу Alexei Druzhinin/TASS
Image caption Александр Бортников шектүүнүн өздүгү жана башка маалыматтары жөнүндө эч нерсе айткан жок

Санкт-Петербург метросундагы терактты жасоого буйрук берген киши аныкталды деп билдирди Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников. Бирок шектүүнүн өздүгү жана башка маалыматтары жөнүндө эч нерсе деп айтылган жок.

“Анын ким экени аныкталды, Ооба, ооба, аныкталды. Расмий түрдө тагылган айыптар террористтердин метродо болгон террордук актка даярданышканын далилдейт. Бизде маалыматтар чыкса, сиздерге билдирүүлөрдү берип турабыз”, -деди Бортников журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Теги кыргызстандык, Орусиянын жараны бир тууган Азимовдор метродогу терактты жасоого катыштыгы болгон деп шектелүүдө.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алып, он беш киши каза тапкан эле. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу “Площади Восстания” станциясынан табылган.

Тергөөчүлөр теги кыргызстандык, Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжоп жатышат.