Париждеги кол салууну "ИМ" тобу жоопкерчилигине алды

Бейшембиде кечинде Париждин борбордук бөлүгүндө болгон ок атышуудан бир полиция набыт болуп, экөө жаракат алды Сүрөттүн автордук укугу EPA

Бейшембиде кечинде Париждин борбордук бөлүгүндө болгон ок атышуудан бир полиция набыт болуп, экөө жаракат алды. Полицияга кол салган киши атып өлтүрүлүп, жашаган үйү тинтүүгө алынды.

Париждин прокурору Франсуа Молен кол салган кишинин өздүгү аныкталганын айтты. Бирок ага көмөк көрсөткөн шериктери болгонбу же жокпу деген иликтенип бүткөнгө чейин ысымы ачык айтылбайт.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ кол салган киши алардын "жоокери" болгонун билдирип чыкты. Көп өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюмдун тараткан билдирүүсүнө караганда, полицияга кол салган кишинин аты "Абу Юсеф-бельгиялык" деп айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES

Франциялык BFMTV телеканалы кол салган киши 39 жаштагы француз жараны экенин маалымдады. Франциянын Президенти Франсуа Олланд бул кол салуу террордук мүнөздө болгонун белгиледи.

Террористердин бутасы

Франциянын полициясы кол салган киши унаа менен келип, полиция автобусунун жанына токтоп ок чыгарган дейт. Бул окуя саат 21 чамасында орун алган. Күбөлөр анын колунда "Калашников" үлгүсүндөгү ок атуучу курал болгонун айтууда.

Бул аймакта жүргөн тургундардын баары коопсуз жайга чыгарылып, полиция курчоого алган. Бул жер Париждеги эң популярдуу көчөлөрдүн бири болгон. Күн сайын кечинде жүздөгөн туристтер агылып келет.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Жекшембиде өлкөдө президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өтөт. Кол салуу болгон учурда талапкерлердин он бири тең теле аркылуу атайын кайрылууларды жасап жатышкан болчу. Талапкерлер окуядан жабыр тарткандарга тилектештик билдирди.

Радикалдуу исламчыл топтордун коркунучу шайлоо алдындагы эң негизги коркунуч эсептелип жаткан эле. Франс пресс агенттигинин маалыматына таянсак, 2015-жылдан бери Францияда жихадчылардын курмандыгына 238 киши кабылды.

Тектеш темалар