Ирандагы президенттик шайлоого Ахмединежадды катыштырышкан жок

Ирандын мурунку лидери Махмуд Ахмадинежад Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Иранда президенттик шайлоого алты талапкер катталды. Алардын арасында учурдагы Президент Хасан Роухани, консерваторлордун лидерлеринин бири Эбрахим Раиси талапкер катары катталды. Ал эми Ирандын мурунку лидери Махмуд Ахмадинежадды шайлоого катыштырышкан жок.

Ахмединежад буга чейин шайлоого катышуу ниетин блдирип, талапкерлигин көрсөткөн эле. Бирок аны Конституция кеңеши талапкер катары каттоого уруксат берген эмес.

2005-2013-жылдарда эки мөөнөткө Президент болуп турган Махмуд Ахмадинежаддын кайрадан шайлоого барам деген чечими күтүүсүз болду. Өткөн жылы Аятолла Хаменеи мындай кадам - "анын дагы, өлкөнүн дагы кызыкчылыгында эмес" деп Ахмадинежадды эскерткени бар. Аятолла Конституция кеңешинин жарым мүчөсүн дайындай алат.

19-майда өтө турган шайлоого ат салышкандардын соңку тизмеси 27-апрелде белгилүү болот. Маалыматтарга караганда, шайлоого талапкер катары катышуу ниетин 1600 киши билдирген.

Учурдагы Президент Роухани 2013-жылы шайланып келген. Ал өлкөнү эл аралык изоляциядан алып чыгып, эркин коом түзөм деп убада берип шайланып келген эле. Эки жылдан кийин Иран алты дүйнөлүк держава менен тарыхый келишимге жетишти. Келишимде Иран экономикалык санкциялар алынса, анда өзөктүк курал боюнча программасынан баш тартууга макул болгон.

Эбрахим Раиси - консервативдүү диний ишмер. Анын компромисске барууга жөндөмү жок киши катары репутациясы бар. Аны Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи колдоого алары айтылып жүрөт.

Мындан тышкары Байкоочу кеңеш тарабынан талапкерлиги жактырылгандардын бири Тегерандын мэри, экинчиси Ирандын вице-президенти.

Тектеш темалар