АКШ бийлиги Жулиан Ассанждын айыбын угузат

Жулиан Ассанж Сүрөттүн автордук укугу PA

Американын бийлиги Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын үстүнөн айыбын угузуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда.

Юстиция министри Жефф Сешнс билдиргендей, Ассанжды камакка алуу АКШнын жаңы администрацисынын негизги приоритеттеринин бири.

Бейшембиде америкалык чиновниктер бир катар маалымат каражаттарына Жулиан Ассанжды жана жашыруун документтерди чыгарып жиберүүгө адистешкен сайттын башка кызматкерлерине чара көрүү боюнча даярдыктар жүрүп жатканын кабарлашкан.

Эй-би-си маалыматына караганда, бийлик азырынча мындай чараларды талкуулап гана жатат. Бирок Си-эн-эн Ассанжды экстрадиция кылып, камакка алуу үчүн даярдык көрүлүп жатканын кабарлады.

Өткөн аптада Борбордук чалгын кызматынын директору Майк Помпео Wikileaks сайтын Орусияга жардам берген душмандык чалгын кызматы катар мүнөздөп, Ассанжды алдамчы деп атаган эле.

Деген менен өткөн шайлоодогу бул сайттын аракети АКШ Президенти Дональд Трамптын мактоосуна арзыды окшойт. Анткени шайлоо алдында октябрда Wikileaks 2 миңдей электрондук документтерди жарыялаган. Арасында Хиллари Клинтон менен анын шайлоо штабынын жетекчиси Жон Подесттанын каттары да бар эле.

Демократиялык партиянын өкүлдөрү дал ушул кат алышуунун ачыкка чыгып кетиши шайлоодо Клинтондун утулушуна себеп болуп берди деп айтып келишет.

Американын атайын кызматы электрондук почтаны бузуп кирүүнүн артында Орусия турушу мүмкүн жана алар Wikileaks сайтын пайдаланып, Трамптын жеңишин камсыздоо үчүн шайлоо тыянактарына таасир эткен деп шек санап келүүдө.

Орус бийлиги бул айыптоолордун кескин четке каккан. Ассанж болсо документтерди жарыялоодо эч кандай шайлоо тыянактарына таасир этүү максаты болбогонун айтып келет.

Жулиан Ассанж 2012-жылдан бери Лондондогу Эквадор элчилигинде баш калкалап жүрөт. Ал Швецияда сексуалдык мүнөздөгү кылмыш үчүн айыпталып, экстрадициядан качып, элчиликте жашырынган.

Тектеш темалар