Петербургдагы жардырууга шектелген бир туугандар

Акрам Азимов сотто өзүнүн бул терактка катыштыгы жок экенин айтып, айыптоолорду четке каккан. Сүрөттүн автордук укугу ANTON NOVODEREZHKIN/TASS
Image caption Акрам Азимов сотто өзүнүн бул терактка катыштыгы жок экенин айтып, айыптоолорду четке каккан.

Москванын Басман райондук соту Петербургдагы метродо болгон жардырууга катыштыгы бар деп шектелген Акрам Азимовду 3-июнга чейин камакта кармоо чечимин чыгарды.

Мындан аз күн мурун анын бир тууган иниси Аброр Азимов дагы жардырууну уюштурган деген шек менен кармалып, ушул эле соттун чечими менен камакка алынган эле.

Акрам жана Аброр Азимовдор теги кыргызстандык этникалык өзбектер, 2013-жылдан тарта Орусия жарандыгын алышкан.

Коопсуздук кызматы билдиргендей Акрам Азимов «террордук актыны даярдоого сарпталган акчаларды которууга көмөк көрсөткөн» деп шектелүүдө. Ошондой эле андан «эл аралык террордук уюмдардын эмиссарлары менен байланыш түзгөн» деп шек санап жатышат. Баш коргоо чарасы каралган соттук угуу учурунда, тергөөчү Акрам инисинин бул кылмышка тиешеси бар экенин тастыктаганын айтты.

"Сурак учурунда күбө катары Азимов көрсөтмө берип, иниси Абрордун Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууну катыштыгы болгонун айтты",-деди тергөөчү.

Акрам Азимов сотто өзүнүн бул терактка катыштыгы жок экенин айтып, айыптоолорду четке каккан. Азимовдун адвокаты сотто анын коргоосундагы жаран тергөө менен кызматташуудан баш тартпай жатканын, көрсөтмө бергенин, материалдарда анын катыштыгы болгону тууралуу далил жок экенине судьялардын көңүлүн бурган.

Ошондой эле сотто Акрам Азимов теракты ишке ашырган жанкечти деп болжонуп жаткан Акбаржон Жалилов сыяктуу эле 2016-жылы декбарда жана 2017-жылы мартта Түркияга барганы белгилүү болду.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алып, он беш киши каза тапкан эле. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу «Площади Восстания» станциясынан табылган. Тергөөчүлөр теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжоп жатышат.

Бейшембиде Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууга буюртма берген кишинин өздүгү аныкталганын билдирген. Бирок ал тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Теракт боюнча учурда он киши камакка алынган. 17-апрель күнү Федералдык коопсуздук кызматы Акрамдын иниси Аброр Азимовду Москва облусунун Одинцов районунда кармаган. Ал "Петербургдагы метродо болгон теракты ишке ашырган жанкечтини даярдаган» деп шектелүүдө.

Коопсуздук кызматы тарабынан Азимовду кармоо операциясы тасмага тартылган. Анда коопсуздук кызматкерлери Азимовдун жанынан "Макаров" үлгүсүндөгү пистолетти ок-дарысы менен алып чыкканын көрүүгө болот.

Атайын уюштурулган ишпи?

Сүрөттүн автордук укугу TASS
Image caption Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору тараткан тасмада Акрам Азимов кармоо учурунда автобус аялдамасында олтурат.

Азимовдун туугандарынын айтымында, Акрам Кыргызстандын Ош шаарында укук коргоо органдары тарабынан Орусияга экстрадициялоо үчүн кармалган. Бирок өлкөнүн укук коргоо органдары бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Бейшембиде РИА Новости агенттиги анонимдүү булагына шилтеме берип, Акрам Азимов Москвага теракт боюнча көрсөтмө берүү үчүн келгенин айтты. Ал эми туугандары болсо, Акрам Оштогу ооруканада дарыланып жаткан учурда кармалган дейт.

Интерфакс агенттигине Акрамдын апасы уулун ооруканадан алып кетишкенин айтып берген. Анын айтымында, Акрам 14-апрелде Оштогу жеке менчик ооруканалардын биринде операция болгон.

"15-апрелде мен Акрамды көрүү үчүн ооруканага баргамын. Ал жерден мага уулумду Улуттук коопсуздук кызматынын Оштогу башкармалыгынын кызматкерлери алып кетишкенин айтышты. Мен башкармалыкка адвокат менен бардым. Мага эч нерсе айтышкан жок. Бир нече күндөн кийин уулум капыстан эле Москвада пайда болуп калды",-деп апасынын айткандарын Интерфакс жазды.

"Анын жанында билетке акчасы да жок эле. Жанында паспорту да болгон эмес. Бул ачык эле атайын уюшулган нерсе, мен акыйкаттыкты талап кылам",-деген Азимовдордун апасы.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору тараткан тасмада Акрам Азимов кармоо учурунда автобус аялдамасында олтурат. Ал Внуков аэропортуна жакын жердеги аймактан кармалган. Аны кармаган учурда коопсуздук кызматкерлери сумкасынан РГД-5 кол гранатасын таап чыгышканын тасмадан көрүүгө болот.

Кандай жол менен Акрам Азимов Кыргызстандын Ош шаарындагы ооруканан Москвага келип, Внуков аэропортуна жакын жердеги аялдамада жанына кол гранатсын салып алып пайда болуп калганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу орусиялык жана кыргызстандык атайын кызматтар эч кандай маалымат берген жок.

Тектеш темалар