"Боруссия" автобусун жардырууга шектелип орусиялык кармалды

Футболчулары бараткан автобустун жанында болгон жардыруу боюнча көптөгөн божомолдор айтылган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Футболчулары бараткан автобустун жанында болгон жардыруу боюнча көптөгөн божомолдор айтылган.

"Боруссия" футболчулары бараткан автобустун жанында болгон жардырууну уюштурган деп 28 жаштагы Орусия жана Германиянын жараны Сергей В. шектелүүдө. Бул тууралуу Германиянын прокуратурасы билдирди.

Прокуратура маалыматына караганда, шектүү клубдун акцияларын сатып алган жана бул жардыруудан кийин акция төмөндөп кетсе, акча иштеп табам деп пландаган.

Эки өлкөнүн жарандыгы бар шектүү Тюбинген шаарында жума күнү кармалды. Ага адам өлтүрүүгө аракет кылган, жардырууну уюштурган деген айып тагылды.

Прокурорлор шектүү "Боруссия" футбол клубунун 15 миң акциясына ээ экенин аныкташкан. Ал акцияларды сатып алуу үчүн апрель башында банктан насыя алган экен. Шектүү автобус өтө турган жолго үч жардыргыч койгон. Ошол жерге жакын мейманканадан жол көрүнө турган жерден бөлмө алып койгон. Кандай жардыргыч колдонулганы азыр тактала элек.

11-апрелде Дортмунд шаарында "Боруссия" командасы Чемпиондор лигасынын 1/4 финалында франциялык "Монако" командасы менен беттешүү үчүн өз стадионун көздөй бараткан учурда автобустун жанында үч жолу жардыруу орун алган.

Автобус эки жеринен сокку алганы белгилүү болгон. Команданын 26 жаштагы коргоочусу Марк Бартра жеңил жаракат алган.

Дортмунд полициясынын жетекчиси бул командага пландалган кол салуу болду деп билдирген. Тергөөчүлөр жардыруу болгон жерден кат табылып, иликтөө иштеринде текшерилип жатканын айтышкан эле. Андан кийин дагы бир кат интернетке жарыяланып, кол салууну солчул экстремисттик топтор жоопкерчилигине алганы айтылган. Бирок прокурорлор бул кат жасалма болушу мүмкүндүгүн айтып, шек санаган.

Бир апта мурун полиция бул окуяга катыштыгы бар шектүү кармалганы тууралуу маалымат таратып, анын экстремисттик топторго байланышы болушу мүмкүндүгүн да билдирип чыккан.

Тектеш темалар