Бельгияда Париждеги окуяга шектелгендердин бири полицияга келди

Париждин борбордук бөлүгүндө болгон кол салуу Сүрөттүн автордук укугу EPA

Париждин борбордук бөлүгүндө болгон кол салууга шектелип жаткандардын экинчиси Бельгиянын Антверпен шаарындагы полиция бөлүмүнө өзү келген.

Мунун алдында Франциянын коопсуздук кызматы бельгиялык бийликтин көрсөтмөсү менен бул кишин издеп жатканын кабарлаган болчу.

Шектүүнүн Париждеги полиция кызматкерлерине кол салуу окуясына катыштыгы бар же жогу али белгисиз. Ал полицияга келерден бир саат алдын Франциянын Ички иштер министринин өкүлү Пьер-Анри Бранде Europe 1 радиосунун эфири учурунда, кол салууга шектелген экинчи киши бельгиялык бийликтин көрсөтмөсү менен изделип жатканын айткан эле.

Шектүүнүн аты-жөнү жана кайсыл өлкөнүн жараны экени азырынча тактала элек деди Бельгиянын Башкы прокурору журналисттерге берген маегинде.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ кол салган киши алардын "жоокери" болгонун билдирип, "Абу Юсеф-бельгиялык" деп айткан. Бирок буга карабастан шектүү чынында эле бул өлкөнүн жараны экендиги тууралуу жромолдоого эч кандай негиз жок деди прокурор.

2015-жылы Парижде болгон теракты уюштурган болушу мүмкүн деген шек менен 2016-жылы март айында Бельгияда Салах Абдеслам деген шектүү кармалган.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Бул аймакта жүргөн тургундардын баары коопсуз жайга чыгарылып, полиция курчоого алган.

Францияда ушул аптанын жекшембисинде президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өтөрү күтүлүп жатат. Парижде коопсуздук чаралары күчөтүлдү деп билдирди өлкөнүн премьер-министри Бернар Казнев.

Бейшембиде кечинде Париждин борбордук бөлүгүндө болгон ок атышуудан бир полиция набыт болуп, экөө жаракат алган. Полицияга кол салган киши атып өлтүрүлүп, жашаган үйү тинтүүгө алынды.

Париждин прокурору Франсуа Молен кол салган кишинин өздүгү аныкталганын айткан эле. Бирок ага көмөк көрсөткөн шериктери тууралуу маалыматтар иликтенип бүткөнгө чейин ысымы ачык айтылбайт деп билдирген.

Франциянын полициясы кол салган киши унаа менен келип, полиция автобусунун жанына токтоп ок чыгарган дейт. Бул окуя саат 21 чамасында орун алган. Күбөлөр анын колунда "Калашников" үлгүсүндөгү ок атуучу курал болгонун айтууда.

Ок атышуу учурунда ошол жердеги туристтердин бири бутунан жеңил жаракат алганын Франс пресс агенттиги жазып чыкты.

Тектеш темалар