Хабаровск аймагындагы ФСБ кабылдамасында ок атылды

Хабаровск аймагындагы ФСБ кабылдамасында ок атылды Сүрөттүн автордук укугу NIKITA PIKALEV

Орусиянын Хабаровск аймагындагы Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгына кирип келген куралчан киши ок чыгарганы кабарланууда.

Федералдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору тараткан маалыматта эки кишиге ок тийип каза тапкан.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 21-апрелде жеригиликтүү убакыт боюнча саат 17:02де орун алган. Белгисиз киши имаратка кирип келип, "көзөмөл зонасынан өтпөй туруп, кабылдамада тургандарды көздөй ок чыгарган".

"Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын бир кызматкери жана КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны каза тапты. Бир киши жаракат алган. Кол салган киши атып өлтүрүлдү",-деп кабарлады басма сөз кызматы.

Ок аткан 1999-жылы туулган Хабаровск аймагынынын тургуну экени аныкталган. "Анын улутчул топторго катыштыгы болгону тууралуу маалыматтар бар",-деп билдирди коопсуздук кызматы.

Окуя болгон жер курчоого алынып, тергөөчүлөр иш алып барууда.

Тектеш темалар