Лениндин жок болуп бараткан эстеликтери

Дүйнөлүк пролетариаттын кол башчысы Владимир Лениндин туулган күнүн мурда советтик өлкөлөрдө жатка билишчү. Азыр эми туулган күн эмес, Лениндин көп сандагы эстеликтери да четинен жок болуп баратат. Айталы, Украинада большевиктердин көсөмүнүн дээрлик эстеликтери калбай калды.

Евромайдандагы жүрүштөр учурунда Украинада Лениндин эстеликтерин уратуунун чоң толкуну башталып кеткен. А дегенде Киевдеги аянттан эстеликти алып салышкан.

2015-жылы 9-апрелде өлкөнүн Жогорку Радасы бул жараянды мыйзамдаштырып салды. Коммунисттик ишмердин эстеликтери бүт алып салына баштады.

2016-жылкы маалымат боюнча, Украинада Владимир Лениндин 1320 эстелигин алып салышкан. Азыр эстеликтер дээрлик калган жок. Би-Би-Синин Украин кызматы Лениндин сакталып калган эстеликтеринин сүрөтүн жыйнаган. Бирок алар дагы мурдагы образында эмес.

Сүрөттүн автордук укугу UKRINFORM
Image caption Одессадагы Лениндин эстелигин Жорж Лукастын атактуу фантастикалык киноэпопеясындагы каарманга айлантып салышкан.
Сүрөттүн автордук укугу WWW.LOGA.GOV.UA
Image caption Луганск облусундагы Тарас Шевченкого айланган Ленин.
Сүрөттүн автордук укугу UNIAN
Image caption Черкасс аймагындагы аңчылыкты сүйүүчүлөр Лениндин эстелигин курал көтөргөн мергенчи кылып өзгөртүп салышкан.
Сүрөттүн автордук укугу UNIAN
Image caption Запорожье шаарында Украинадагы Лениндин эң чоң эстелигин ар кандай кылып өзгөртүп көрүштү. Ага футбол боюнча улуттук курама команданын кийимин да кийгизишкен. Акыры эстеликти алып салышты.
Сүрөттүн автордук укугу UNIAN
Image caption Бул уникалдуу эстелик Украинада сакталып калган Лениндин жалгыз эстелиги болуп калды окшойт. Анын бузулбай калышынын бир себеби бар - эстелик Чернобылдын атайын белгиленген чегинде турат.

Украинадагы чоң шаарларда Ленинге таандык эстеликтер дээрлик калган эмес. Балким айыл жерлеринде сакталып калгандар болушу мүмкүн.

Тектеш темалар