Талибдердин кол салуусунан набыт болгондор саны 200гө чамалайт

Мазари-Шарифке жакын жердеги аскер базасы Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ооганстандын жергиликтүү бийлиги Мазари-Шарифке жакын жердеги аскер базасына талибдердин кол салуусунан набыт болгондор саны 200гө жетиши мүмкүндүгүн кабарлады.

Бул тууралуу жергиликтүү администрациянын атын атабаган өкүлү айтып берген. Ал эми күбөлөрдүн бири Би-би-сиге ок атышуу болгон аймактан 165 кишинин сөөгүн санашканын айтты.

Ооганстандын Коргоо министрлиги расмий билдирүүсүндө канча киши каза тапканын так айткан жок. Жаракат алгандар жана каза тапкандар 120га чукул деп айтылат министрликтин маалыматында.

Кол салуу жума күнү катталган. Талибан кыймылынын согушкерлери өкмөттүк аскерлердин кийимин кийип алып, кол салышкан. Кол салуу жума намазы маалында, аскерлер базанын аймагында жайгашкан мечиттен чыгып келе жаткан учурда болгону айтылды.

Талибдер базанын коргонуусун жарып кирүү үчүн жанкечитилерди колдонушканын билдирген.

Ооганстанда жекшемби күнү өлкө боюнча аза күтүү жарыяланды.

Тектеш темалар