Эммануэль Макронду Президент Олланд жана саясый атаандаштары колдоду

Эммануэль Макрон Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 23,75 пайыз добуш алып алдыга чыкты. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эммануэль Макрон Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 23,75 пайыз добуш алып алдыга чыкты.

Центрист Эммануэль Макрон Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 23,75 пайыз добуш алып алдыга чыкты. Экинчи айлампада анын атаандашы ашынган оңчул «Улуттук фронт» кыймылынын лидери Марин Ле Пен болмокчу. Ал 21,53% добуш алган.

Франциянын жаңы Президенти 7-майда шайлоонун экинчи турунда белгилүү болот. Франциянын учурдагы Президенти Франсуа Олланд бейрасмий түрдө Эммануэль Макронго телефон чалып куттуктаган. Ал эми утулуп калган башка талапкерлер экинчи айлампада Макрон үчүн добуш берүүгө чакырышты.

Ѳлкө тарыхында 1958-жылдан бери биринчи жолу социалисттер жана оңчул орточул көз карашты карманган талапкерлер экинчи турга өтпөй калды.

«Республикачылар» партиясынын талапкери, мурунку премьер-министр Франсуа Фийон 19,91% добуш алса, дагы бир талапкер Жан-Люк Меланшон 19,64% добушка ээ болду.

Экинчи айлампага өткөн талапкерлер таптакыр эки башка көз карашта. Айталы, Эммануэль Макрон эл аралык эркин сооданы жана Евробиримдикти жактап жатса, Марин Ле Пен глобализацияга каршы чыгууда. Ал Францияны Евробиримдиктин курамынан чыгаруу үчүн референдум өткөрүү зарыл деген.

Макрон мурдагы банкир жана Франсуа Олланд президент болуп турганда экономика министри болуп иштеген. Ал үчүн бул биринчи жолку шайлоо өнөктүгү болуп жатат. Эгерде экинчи айлампадан утуп чыкса, Макрон Франциянын тарыхындагы эң жаш мамлекет башчысы болуп калмакчы.

Ал 2016-жылы "Алга" деген саясый кыймылды негиздеген. Макрон солчулдардын да, оңчулдарга да кирбей турганын айтып келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу AFP\epa
Image caption Эммануэль Макрон анын атаандашы ашынган оңчул «Улуттук фронт» кыймылынын лидери Марин Ле Пен.

Эммануэль Макрон өзүнүн тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө, "улутчулдукка каршы чыккан патриоттук маанайдагы баардык Франция жарандарынын Президенти" болуп калуу ишенимин билдирди. Ал эми анын атаандашы Ле Пен биринчи айлампанын тыянактарын билгенден кийин, өзүн "элдик талапкер" атады.

Биринчи айлампанын тыянактарынан кийин утулуп калган башка талапкерлер Макронду колдоого чакырык жасашты. Биринчи айлампада президенттикке 11 талапкер ат салышты.