Түндүк Корея америкалык аскер кемесин чөктүрүп жиберем деп коркутууда

Жекшембиде "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү япон флоту менен биргеликте Филиппин деңизинде аскер машыгуусун өткөрдү. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жекшембиде "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү япон флоту менен биргеликте Филиппин деңизинде аскер машыгуусун өткөрдү.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары Корей жарым аралын көздөй багыт алган америкалык ракета ташуучу "Карл Винсон» кемеси бир сокку менен чөгүп кетиши мүмкүн экенин жазууда.

Бул билдирүү Пхеньяндан чыккан партиянын борбордук басылмасы "Нодон синмун" гезитиндеги баяндамада айтылган.

"Биздин революциялык күчтөр АКШнын ракета ташуучу "Карл Винсон» атомдук кемесин бир эле сокку менен чөктүрүп салууга даяр",-деп айтылат редакциялык комментарийде. "Чоң жырткычка" урулган мындай сокку биздин аскер күчүбүздүн канчалык экенин даңазаламакчы деп жазган басылма.

Түндүк кореялык дагы бир "Минджу Чосон" басылмасы армия душмандарга аеосуз сокку урууга даяр деп жазды. Өткөн аптада "Нодон синмун" басылмасында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун айткандарына жооп иретинде макала жарыяланган. Тиллерсон Азия өлкөлөрүнө жасаган иш сапары учурунда АКШ Түндүк Кореяга карата кысымды күчөтүү чаралары тууралуу караштырып жатканын айткан эле.

Буга жооп кылып "Нодон синмун" басылмасы "биздин соккудан бир эле америкалык империалисттердин Түштүк Корея жана анын тегерегиндеги аймактардагы аскер күчтөрү эмес, АКШнын өзү күлгө айланат" деп жазган.

КЭДР эгерде Австралия АКШнын союздашы болуп калса, ага да ядердик сокку урам деп коркуткан.

Түндүк Корея башынан эле өзөктүк куралы коргонуу максатында экенин айтып келүүдө. Бирок ал өзөктүк куралдын жаңы түрүн ойлоп табууга аракет кылып жатканы тууралуу да маалыматтар айтылган. Пхеньян ошондой куралга ээби же континенттер аралык баллистикалык ракетасы барбы? Бул суроолорго так жооп жок.

Жекшембиде "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү япон флоту менен биргеликте Филиппин деңизинде аскер машыгуусун өткөрдү.

Тектеш темалар