Мээдеги илдетке мобилдик телефондун байланышы канчалык?

мобилдик телефонду колдонгон киши Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мээдеги рак илдети менен жабыркагандарга жардам көрсөткөн британдык Brain Tumour Charity деп аталган медициналык кайрымдуулук уюму мобилдик телефонду колдонгондон мээде шишик пайда болот дегенге далил жок деп билдирди.

Мындай билдирүүнү аталган уюм италиялык соттун чечимине жооп катары айтып чыкты. Ѳткөн апта соңунда Италиянын соту жергиликтүү компаниялардын биринде иштеген киши 15 жыл ичинде күнүгө 3-4 сааттан мобилдик телефондон сүйлөшкөндүктөн мээсинде шишик пайда болгон деп чечим чыгарган.

Мындай күтүүсүз чечим Италиянын Пьемонт провинциясындагы Ивреа шаарынын соту тарабынан чыгарылган. 57 жаштагы Роберто Ромео социалдык кызматтын үстүнөн сотко арыз берип, ден соолугу зыян тартканы үчүн мамлекетткен пенсия чегерүүнү өтүнгөн. Социалдык кызматтын адвокаттары бул чечимдин үстүнөн доо арыз бере алышат.

"Дүйнөдө биринчи жолу сот мобилдик телефонду туура эмес пайдалануудан мээдеги шишик пайда болот деп тапты»,-деди доогердин адвокаттары Ренато Амброзио жана Стефано Бертоне.

"Көптөгөн кишилерде мобилдик телефонду колдонуудан мээде шишик пайда болушу мүмкүн деген тынчсыздануу бар экенин биз билебиз, -дейт британдык Brain Tumour Charity деп аталган медициналык кайрымдуулук уюмдун башкы илимий кеңешчиси доктор Дэвид Женкинсон.-Бирок дүйнөдөгү жүз миңдеген кишилер катышкан иликтөөлөрдүн бири дагы буга далилдүү байланыштарды тапкан эмес».

Италиядагы соттун чечими окумуштуулардын пикирин өзгөрткөн жок деди доктор Женкинсон. "Албетте, иликтөөчүлөр мындай байланыш бар жогун изилдөөнү уланта беришет»,-деди окумуштуу.

Роберто Ромеронун кесиби тууралуу айтылган эмес. Ал өзү кишилер болжолу мобилдик телефонго байланышкан коркунуч бар экенин биле жүрсүн деген каалоо менен буга барганын айткан. Ал жумушуна байланыштуу мобилдик телефондон абдан көп сүйлөшүп жүргөнүн билдирди.

Робертонун айтымында, ал биринчи жолу 2010-жылы оң кулагы укпай тунуп калганда илдет тууралуу билген.

Сотко чакырылган дарыгер Роберто Ромерону дарылоого кеткен каражаттын суммасын аныктап берген. Ал эми сот Италиянын камсыздандыруу боюнча улуттук фондунун эсебинен жабыр тарткан жаранга айына 500 евро төлөп берүү боюнча чечим кабыл алган.

Тектеш темалар