Талибдердин кол салуусунан кийин Коргоо министри отставкага кетти

Каза тапкандардын саны боюнча так маалымат жок. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Каза тапкандардын саны боюнча так маалымат жок.

"Талибан" кыймылынын Мазари-Шарифтеги аскер базасына кол салуусунан киийин Ооганстандын Коргоо министри жана Башкы штабдын жетекчиси отставкага кетти.

Кол салуудан ондогон аскер кызматкерлери набыт болгон. Кол салуу жума күнү болгон. "Талибан" кыймылынын согушкерлери ооган аскер киймин кийип алып кол салышкан. Алар ашканадагы жоокерлерге ок чыгарып, ошондой эле базанын аймагындагы мечиттен жума намазынан чыгып келе жаткан аскер кызматкерлерин көздөй ок жаадырышкан.

Каза тапкандардын саны боюнча так маалымат жок. Ѳлкөнүн Коргоо министрлиги набыт кеткендердин тизмесин жарыялаган жок. Каза тапкандар жана жаракат алгандар 100дөн ашуун деген билдирүү менен чектелди.

Айрым атын атабаган расмийлер Би-би-бисиге 136 киши набыт болгонун айтты. Окуяга күбө болгондордун бири 165 кишинин сөөгү бар экенин айтып берген.

Бул кол салуу соңку жылдардагы эң кандуу кол салуу болуп калды. Ѳлкө боюнча наарзылыктар жаралып, өкмөт "Талибанга" каршы тура алабы деген суроону көтөрдү. "Талибан" кыймылы террористик деп табылып, көп өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Тектеш темалар