Францияда жаңы саясый доор башталдыбы?

Эммануэль Макрон Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Францияда жаңы саясый доор башталгансыды. Бул президенттик шайлоонун экинчи айлампасына «Улуттук фронт» кыймылынын лидери Марин Ле Пен өтүп келгенден деле эмес. Жаңы Президент болуп Эммануэль Макрон шайланып калышы толук мүмкүн дегенден улам ушунтип айтылып жатат.

Бир нече ай мурун мындай кырдаалды элестетүүгө да мүмкүн эмес эле. Макрон 2016-жылы апрелде 38 жаш курагында чоң саясый тобокелчиликке баш урган. Ал Экономика министри кызматынан баш тартып, Президент Франсуа Олландка далысын салып кетип, «Алга» деген саясый кыймылын негиздегенин жар салды.

Эммануэль Макрон эч качан депутат болгон эмес жана бир дагы шайлоо өнөктүгүнө катышпаган. Ал Социалистик партия, "Республикачылар" же болбосо «Улуттук фронт» сыяктуу өзүнүн уюшулган структурасына да ишене албайт болчу. Деген менен Макрон башкаларга салыштырганда мезгилдин духун, ыргагын сезе алды. Ал жаштардын чоң колдоосун алды. Ѳзүнүн энергиясы, курч жаштыгы жана өзгөчөлөнгөн мамилеси менен саясый бурулуш жасай алды.

Ооматтуу Макрон

Сүрөттүн автордук укугу LE PARISIEN
Image caption Le Parisien басылмасы Макрондун ийгилигин сенсация деп атады.

Эммануэль Макрондун алдыга оозуп чыгышына жардам берген жагдайлар болду. Айталы, Франциядагы эки негизги партия праймериздер аркылуу талапкерлерин сунуштагандан (социалисттер - Бенуа Амонду, ал эми "Республикачылар" - Франсуа Фийонду) кийин, бул саясый күчтөрдү жактагандардын көпчүлүгүнө өтө эле радикалдуу жана чоочун көрүнүп калды. Франциянын саясый айдыңынын борборун боштук ээледи.

Анын үстүнө Фийон аялына жана балдарына жардамчы катары мамлекет эсебинен айлык төлөп жүргөн деген каржылык жаңжалдын алдында калганы да Макрондун пайдасына иштеди.

Фийон үчүн биринчи айлампадан утулуп калышы өзгөчө оор болду окшойт. Ал эми өзүнүн партиясы үчүн жөн эле ашыкча жүк болуп калгандай таасир калтырды.

Францияда эки айлампадан турган шайлоо системасы киргизилгенде, биринчи айлампада 30 пайыздан добуш алгандар кийин четтеген партиялардын колдоосун алууга аракет кылат деп болжонгон.

Бул жолу төрт талапкер бири-биринен анчейин айырмаланбаган добуштарга ээ болушту. Эммануэль Макрон баарынан көп добуш алып, бирок азчылыктын лидери бойдон калууда. Бирок 7-майда балким көпчүлүктүн колдоосун алат.

Бешинчи республика өзгөрөт

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Марин Ле Пен оңойлук менен жеңишти бербейт.

Марин Ле Пен оңойлук менен жеңишти бербейт. 2002-жылы атасы алалбаган добуштарды алууга аракет кылары турган кеп. Бирок анын жеңиши күмөн деп бааланып жатат. Эгерде эле Макрон утуп чыкса, ошондо француз саясатынын жаңы доор башталат.

Макрон парламенттеги бир дагы саясый партияларга басым жасаган жок. Андай болгондо ал парламенттеги көпчүлүктүн колдоосун кантип алат? Ансыз ал эффективдүү Президент боло албайт.

Эммануэль Макрон бул тууралуу өзүнүн ишенимине таянып турганын айтты. Анын айтымында, кийинки парламенттик шайлоодо өзү түптөгөн «Алга» кыймылы парламентке көпчүлүк мандат менен келет. Бирок бул али белгисиз. Башка партиялар, өзгөчө "Республикачылар" реванш алууга жана Улуттук кеңештеги мандатын алууга болгон аракетин жумшайт.

Макрон Президент болуп калса, парламенттеги көпчүлүксүз узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, депутаттар менен компромисс табууга көп убактысын сарпташы мүмкүн. Бул жерде негизги ролду премьер-министр ойнойт. Бийликтин борбордук бутагында аралашуу жүрөт. Ошондо Бешинчи республика таптакыр башкача болуп калмакчы.

Тектеш темалар