Трамп КЭДР маселесин чечүү үчүн сенатты жыйынга чакырды

Жозеф Данфорд Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сенаторлор алдында Башкы штабдын жетекчиси Жозеф Данфорд дагы билдирүү жасайт

АКШнын администрациясы күтүлбөгөндөй кадам жасап, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан маселе боюнча брифингке катышуу үчүн сенатты толук курамы менен Ак үйгө чакырды.

Мунун алдында эле Президент Дональд Трамп БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, КЭДР маселесин "акыры чечүү керек" деген чакырык таштаган.

Шаршембиде Ак үйдө өтө турган жыйынга сенаттын 100 мүчөсү катышат. Ошондой эле мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана Коргоо министри Жеймс Мэттис катышары күтүлүүдө.

Пхеньян тарабынан өткөрүлгөн ракеталык жана ядердик сыноолор Вашингтондун тынчсыздануусун жаратып келүүдө. Бул бир гана АКШ үчүн эмес, чөлкөмдөгү союздаштары үчүн да кооптуу болуп жатканына көңүл бурууда.

КЭДР өкүлдөрү дагы кескин билдирүүлөр менен чыкты. АКШ тарабынан жасалган кандай кийгилишүү болсо дагы өзөктүк курал менен жооп берерин айтып эскертүүдө.

Түндүк Кореянын негизги союздашы болгон Кытай эки тарапты тең карманууга чакырган. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жекшембиде бул маселени талкуулоо үчүн Трамп менен телефон аркылуу байланышып, "чыңалууну жараткан кадамдардан алыс болууга" үндөдү.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Америкалык армиянын командачылыгы "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү алдыдагы күндөрдө Корей жарым аралына жетет деп билдирди.

Бирок эртеси күнү эле Трамп БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуусунда "Түндүк Корея маселесин акыры чечиш керек" деп билдирди.

"Түндүк Корея бул - дүйнөдөгү чоң көйгөй. Акыр түбү биз бул көйгөйдү чечүүбүз керек", -деген Трамп, Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракета жана ядердик курал боюнча программаларына каршы туруу үчүн кошумча катаал санкцияларды киргизүүсү керектигин айтты.

Чукул брифинг

АКШнын администрациясынын кызматкерлери Конгрессте тез-тезден эле билдирүүлөрдү жасап, улуттук коопсуздукка байланышкан маселелер боюнча парламент мүчөлөрү менен кеңешип турат. Бул жолу сенаторлордун толук курамы менен Ак үйгө чакырылышы адаттан тыш көрүнүш болууда.

Сенаторлор алдында мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана Коргоо министри Жеймс Мэттистен тышкары Улуттук чалгын кызматынын директору Дэн Коутс жана Башкы штабдын жетекчиси Жозеф Данфорд билдирүү жасайт деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ким Чен Ын болсо баллистикалык жана ядердик сыноолорун уланта берин убада кылууда.

Би-би-синин Вашингтондогу кабарчысы Гэри О'Донохью кабарлагандай, Коопсуздук кеңешине кайрылуу менен Трамптын администрациясы Түндүк Кореяга карата ар тараптуу стратегиясын демонстрациялап жатат. АКШ Пхеньянга карата санкцияларды гана катаалдаштырбастан, буга чейикни кабыл алынган чектөөлөр чыны менен таасир этип жатканын дагы көрсөтүүдө. Паралелдүү түрдө Кытайды дагы кысмакка алып, түштүк коңшусуна таасир этүүгө аргасыз кылууну көздөп жаткандай.

Сенаторлордун брифингке чакырылышы чөлкөмгө деңиз күчтөрүн жөнөтүлүшүнө туура келди. Муну менен Вашингтон маселени күч менен чечүү жагын да олутуу карап жатканын Пхеньянга коңгуроо кылды.

Америкалык армиянын командачылыгы "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү алдыдагы күндөрдө Корей жарым аралына жетет деп билдирди. Өткөн аптада деңиз күчтөрү башка багытка карай сүзүп кеткени туралуу кабарлар айтылган.

Ал ортодо Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Корей жарым аралын көздөй багыт алган америкалык ракета ташуучу "Карл Винсон» кемеси бир сокку менен чөгүп кетиши мүмкүн экенин жазууда.

Тектеш темалар