Венесуэладагы каршылык акциясында дагы үч киши набыт болду

Он миңдеген кишилер борбор калаа Каракастагы жана өлкөдөгү 20 шаарда өтүп жаткан каршылык акциясына катышууда. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Он миңдеген кишилер борбор калаа Каракастагы жана өлкөдөгү 20 шаарда өтүп жаткан каршылык акциясына катышууда.

Венесуэладагы Президент Николас Мадуронун саясатына каршы чыккан акциялардын жүрүшүндө дагы үч кишиге ок атылып каза тапты. Төрт киши олуттуу жаракат алган.

Муну менен бир айдын ичинде массалык толкундоолордон каза тапкандар саны 24кө жетти.

Он миңдеген кишилер борбор калаа Каракастагы жана өлкөдөгү 20 шаарда өтүп жаткан каршылык акциясына катышууда. Демонстранттар мөөнөтүнөн мурун шайлоо жарыялоону жана оппозиция лидерлерин түрмөдөн бошотууну талап кылып жатышат.

Өтүп жаткан оппозициялык акциялар соңку үч жылдагы өлкөдөгү эң ири каршылык акциясы болуп калды. Активисттер бул акцияларды "бардык каршылыктардын энеси" жана " экинчи көз карандысыздык күнү" деп аташууда.

Саясат менен экономика кризиске кептелди

Оппозиция Мадуронун саясаты өлкөнүн экономикасын сазга батырып, демократиялык эркиндикти кысымга алууда деп сындап жатат. Президент болсо оппоненттерин АКШнын жана маалымат каражаттарынын колдоосу астында мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылып жатат деп айыптоодо.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар Венесуэланын Улуттук ассамблеясында көпчүлүктү түзөт. Мадуро менен депутаттар ортосунда бийлик үчүн тиреш жүрүп жаткан учурда өлкөнүн Жогорку Соту парламенттин мыйзам чыгаруу укугун алып салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Жогорку Сот жакында эле алдыңкы оппозиционерлердин бири Энрике Каприлести Миранда штатынын губернатору болуп турган учурда "административдик укук бузууга барган" деп 15 жылга саясый ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салды.

Саясый кризис оор экономикалык кырдаал менен коштолду. Венесуэлада инфляция, зарыл болгон товарлардын таңкыстыгы курч болуп жатат. Эл аралык валюта корунун божомолуна караганда, өлкөдөгү инфляциянын деңгээли 2018-жылы 1660% түзүшү мүмкүн.

Тектеш темалар