АКШнын суу алдында сүзүүчү кемеси Түштүк Кореяга келди

АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн "Томагавк" ракетасы менен куралданган суу алдында сүзүүчү "Мичиган" атомдук кемеси Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн "Томагавк" ракетасы менен куралданган суу алдында сүзүүчү "Мичиган" атомдук кемеси.

Америкалык суу алдында сүзүүчү кеме Түштүк Корея жээгине жетти. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн "Томагавк" ракетасы менен куралданган суу алдында сүзүүчү "Мичиган" атомдук кемеси "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрүнө кошулушу керек.

Буга катарлаш эле КЭДР артиллериялык машыгуу өткөргөнүн маалымат каржаттары жазууда.

Шейшембиде Түндүк Корея армиянын негизделгендигинин 85 жылдыгын белгилейт. Пхеньян ушул күнү адатта ракеталык сыноолорду өткөрүп келет. Бирок бул жолу өлкө бийлиги масштабдуу артиллериялык ок атуулар менен чектеле турганын түштүк кореялык Йонхап агенттиги маалымдады.

Акыркы апталарда КЭДР менен АКШ бири-бирин коркуткан кескин ачык билдирүүлөрдү жасады. Түндүк Корея эгерде АКШ тарабынан ядердик сокку болчу болсо, ага жооп кылып өзү да ядердик сокку менен жооп берерин эскертти.

АКШ Президенти Дональд Трамп өз учурунда КЭДР маселесин "акыры түбү чечиш керек" деп убада берди.

Бул кабарлардан бир нече саат алдын эле АКШнын администрациясы күтүлбөгөндөй кадам жасап, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан маселе боюнча брифингке катышуу үчүн сенатты толук курамы менен Ак үйгө чакырган.

Америкалык армиянын командачылыгы "Карл Винсон» кемеси баштаган чабуул жасоого ылайыкталган деңиз күчтөрү алдыдагы күндөрдө Корей жарым аралына жетет деп билдирди. Өткөн аптада деңиз күчтөрү башка багытка карай сүзүп кеткени туралуу кабарлар айтылган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Корей жарым аралын көздөй багыт алган америкалык ракета ташуучу "Карл Винсон» кемеси бир сокку менен чөгүп кетиши мүмкүн экенин жазууда.

Тектеш темалар