Орусия Донбасска электр энергиясын жеткирет

электр энергиясы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Шейшембиде түндөсү Украина жикчилдер көзөмөлдөгөн Луганск облусуна электр энергиясын берүүнү токтоткондон кийин, Орусиянын өкмөтү бул аймакка үзгүлтүксүз электр жарыгын жеткирип берүү чечимин кабыл алды.

Орус тарап муну "гуманитардык колдоонун чегинде" деп түшүндүрдү. Киев болсо электр энергиясынын токтотулганын карызы көбөйүп кетти деп негиздеген. Кремль Украинаны бул кадамы үчүн айыптап, Минск келишимин бузду деп жатат.

"Укрэнерго" улуттук энергетикалык компаниясы шейшембиде түндөсү өзүн өзү аймактык түзүм кылып жарыялап алган "Луганск элдик республикасын" бирдиктүү түйүндөн үзүп салган.

Февраль айында Донбасс менен темир жол байланыштарына блокада киргизүү боюнча демилгелер болгон эле. Андан соң жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакка соода блокадасын орнотулду. Буга жооп кылып өздөрүн аймактык түзүм кылып жарыялап алган ДЭР, ЛЭР бийлиги өздөрү көзөмөлдөгөн аймактагы украиналык ишканаларга ички башкаруу киргизилгенин жарыялашкан.

Тектеш темалар