Эрдоган: Путин Асадды колдоодон баш тарта турганын кыйытты

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшкөн учурда, ал Башар Асадка активдүү колдоо көрсөтпөөгө даяр экенин кыйытканын айтып чыкты.

Асаддын келишкис каршылашы саналган Эрдоган Сириянын келечеги азыркы Президент менен байланышта болбошу керек дегенди кайра кайталады.

Эрдогандын айткандарына таянсак, Путин ага Орусия Асаддын кызыкчылыктарын коргобойт деп билдирген.

Рейтер агенттигине берген маегинде: "Эрдоган, мени туура түшүнгүлө. Мен Асадды актап жаткан жерим жок, мен анын адвокаты эмесмин»,-деген Путиндин сөзүн келтирген Эрдоган.

Түрк Президентинин айткандарын боюнча Кремль азырынча комментарий бере элек.

Башар Асаддын бийликте кала бериши Сириядагы кырдаалды жайгаруу үчүн жол табууга мүмкүндүк бербейт дейт Эрдоган. Ошондуктан ал Сириянын келечегинде Асад болбошу керек деп көшөрүүдө.

"Асад бийликте турганда, Сирия боюнча чечимге келүү мүмкүн эмес. Ал өзүнүн жарандарына танка, пушка, бомба, химиялык курал жана аскер учактары менен чабуул жасады»,-деп билдирди Түркия Президенти.

"Асад жүз миңдеген кишини өлтүрдү. Менин өлкөмдө үч миллион качкын пайда болду. Дагы жарым миллион качкын Ливанда, дагы миллион Иорданияда. Бул кишилер мекенин таштап чыгып кеткен. Эмнеге? Бир гана Асад үчүн", -деп кошумчалады Эрдоган.

Анын пикиринде, Асаддын кетиши менен эле бийлик экстремисттердин колуна өтүп калбайт. Сириядагы кризисти чечүүдө АКШ Президенти Дональд Трамптын администрациясы да жардам бериши мүмкүн.

Башар Асад Идлибде химиялык чабуул жасаган деген айыптоолордон кийин позициясын жоготту. АКШ химиялык чабуулга жооп иретинде Сириядагы аскер базасына 59 канатуу ракетасын жолдогон.

Асадды колдойт деп сынга кабылып келе жаткан Орусия АКШнын ракеталык соккусун эл аралык укукту бузуу катары сынга алды. Ошондой эле химиялык чабуул боюнча иликтөө бүткөнгө чейин Асадды айыптабай туурууга чакырган.

Көп өтпөй Президент Владимир Путин Кремлде АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонду кабыл алып, болжолу Башар Асаддын саясый тагдырын талкуулады.

Тиллерсон менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров биргеликте өткөргөн басма сөз жыйынында, орус тарап Сирияда кимдир бирөөгө артыкчылык бербей турганын билдирген. «Асадка да, башкаларга да эмес. Сириялыктар өздөрү жай отуруп келишүүсү керек» деп айтылган.

Тектеш темалар