Казакстан террордук кылмышка баргандарды жарандыктан ажыратат

Казакстан террордук кылмыш кылгандарды жарандыктан ажыратат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Казакстан Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, террордук кылмыш кылгандарды жарандыктан ажыратууну көздөп жатат.

Өлкөнүн Юстиция министри Марат Бекетаев: "Бул мыйзам долбоорунда эч кандай саясат жок. Кеп террордук ишмердүүлүк менен алектенип, Казакстанга келе албай жүрүп, өлкөдө экстремисттик идеологияны жайылытып жаткандар жөнүндө",-деп айтканын Sputnik агенттиги жазды.

"Карагыла, террорчулар Сирияда эмне менен алектенип жатат. Алар башка өлкөлөргө дагы жайылтууга аракет кылууда. Кеп мына ушул тууралуу жүрүп жатат»,-деген журналисттерге берген интервьюсунда Юстиция министри Марат Бекетаев.

Бул мыйзам долбоорунун концепциясы шейшембиде өкмөттө каралып жактырылган. Эгер мыйзам долбоору өтүп калса, анда террордук кылмышка баргандар, конституциялык түзүмгө каршы чыккан, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган кылмыштарга баргандар жарандыктан ажыратылышы мүмкүн. Маселен, жикчилдик ишмердүүлүгү, экстремисттик топторду түзүү, жетектөө же анын ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча кылмышка баргандан жарандыктан ажыратылат дейт казак расмийлери.

Мунун алдында эле Казак Президенти Нурсултан Назарбаев орусиялык "Мир-24" телеканалына берген интервьюсунда экстремисттик, террордук топтордун катарында согушуп жүргөн казакстандыктарды жарандыктан ажыратуу тууралуу айткан эле.

"Казакстандагы мыйзамдарга ылайык эгерде өлкө жараны өлкө аймагынан чыгып кетип, террордук уюмдардын катарында жүрсө, ал өлкөгө кайрылып келбейт. Ал жарандыгынан ажыратылат. Мындай чара зарыл болуп турат. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун катарында 500дөн-600гө чейинки казакстандыктар согушуп жүрөт. Мурдагы советтер союзунун курамындагы өлкөлөрдөн 5 миңге чейин деп айтышат, балким андан көп. Булар кавказдыктар жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары. Биринчиден алар ал жакка кетпегендей чараларды көрүшүбүз керек. Биз ал жактан кайтып келгендери менен профилактикалык иштерди өткөрүп көрдүк, бирок бул анчейин эффективдүү эмес экен. Ошондуктан биз аларды кайтарып келбейбиз деп чечтик. Алар ал жакка барардан мурун Казакстанга кайтып келе албасын, жарандыгынан ажыратыларын билиши керек",-деген эле Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев.

Орусия дага жарандыктан ажыратуу маселесин көтөрдү

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өткөн аптада Орусиянын Мамлекеттик думасындагы төрт фракциянын лидерлери террористтик мүнөздөгү кылмыш менен соттолгондорду орус жарандыгынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Бул жерде кеп туулганда эле орус жарандыгын алгандар жөнүндө эмес, кийин жарандыкка кабыл алынгандар тууралуу жүрүп жатканы көрсөтүлгөн.

Сунушталган мыйзам долбоорунда «Орусия Федерациясынын жарандыгы тууралуу» федералдык мыйзамдын 22-беренесине өзгөртүү киргизүү каралган. Анда жарандык берүү же баш тартуу боюнча негиздемелер көрсөтүлгөн. Азыркы мыйзамда эгерде жарандык алып жаткан киши өзү тууралуу жалган маалыматтарды бергени, жасалма документтерди колдонгону сот тарабынан аныкталса, жарандык берүүдөн баш тартууга негиз болот деген себеби көрсөтүлгөн экен.

Ал эми өлкөнүн Баш мыйзамында «Орусия Федерациясынын жараны жарандыктан ажыратылбайт жана аны башка өлкөнүн жарандыгына алмаштырууга укугу жок» деп айтылган.

Терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорду жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү буга чейин дагы сунушталып келгени бар. Бул маселени 3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууга шектүүнүн 2011-жылы жарандык алганы белгилүү болгондон кийин өлкө Президенти Владимир Путин кайрадан көтөргөн.

"Конституцияга ылайык биз эч кимди жарандыгынан ажырата албайбыз. Бирок биз орус жарандыгын алууда негиз болуп берген чечимдерди жокко чыгара алабыз. Биз юристтер менен кеңешип, менимче, жакынкы убакытта ушундай чечим кабыл алынат",-деген эле Путин "Мир-24" телеканалына берген интервьюсунда.

Сириядагы экстремисттик топтордун катарында согушуп жүрүп, өз өлкөсүнө кайткандарды жарандыктан ажыратуу маселеси буга чейин Кыргызстанда да көтөрүлгөнү бар. Радикалдуу диний экстремисттик топторго азгырылгандарга каршы катаал чараларды көрүү маселесин Тажикстан дагы көтөрүп келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар