Петербургдагы жардырууну "Имам Шамилдин батальону" деген топ жоопкерчилигине алган

терактан каза тапкандар саны 16 кишиге жетти. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жардырууну буга чейин белгисиз болуп жүргөн "Имам Шамилдин батальону" деген топ өз жоопкерчилигине алганын Conflict Intelligence Team Жакынкы Чыгыштагы мониторинг жүргүзгөн Menastream агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.

Бул топтун Петербургдагы теракты жоопкерчилигине алганы тууралуу маалыматты радикалдуу исламчылардын интернеттеги активдүүлүгүнө мониторинг жүргүзгөн SITE уюму да тараткан.

Menastream кабарлагандай, аталган топ "Аль-Каиды" экстремисттик уюмунун түзүмдөрү менен байланышта экенин билдирген жана Орусиянын жайкын тургундарына жаңы кол салуулар болот деп коркуткан.

Ѳз билдирүүсүндө "Имам Шамилдин батальону" деген топ Петербургдагы теракты ишке ашырган деп Акбаржон Жалиловду атаган. Башынан эле орусиялык атайын кызмат аны жардырууга шектүү катары болжоп келүүдө.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алган. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу «Площади Восстания» станциясынан табылган. Орусиянын Тергөө комитети «теракт» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны ишке ашырган деп теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду шектүү аташкан эле.

Ѳткөн аптада бир киши ооруканада көз жумуп, терактан каза тапкандар саны 16 кишиге жетти.

Теракт боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө он киши жихаддык топторго катыштыгы бар деген шек менен камакка алынган. Кармалгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер. Алардын арасында теги кыргызстандык Орусия жараны бир туугандар Аброр жана Акрам Азимовдор жардырууну уюштурган, катыштыгы болгон деген шек менен кармалып, соттун чечими менен камакка алынган эле. (AbA)

Тектеш темалар