Түркияда Гүлен менен байланышта болгон деп миң киши камакка алынды

Түркияда Гүлен менен байланышта болгон деп миң киши камакка алынды Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Түркиянын полициясы белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта болгон деген шек менен миң кишини камакка алды. Түрк бийлиги Гүленди өткөн жылы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнүн артында турган деп күнөөлөгөн.

Мамлекеттик маалымат каражаттары камакка алуу боюнча үч миң кишиге ордер берилгенин кабарлап жатат.

Бул өткөрүлгөн атайын рейддеги негизги бута полиция кызматкерлери болду. Бийлик полиция кызматкерлеринин арасында Гүленди колдогондор бар деп айыптап келүүдө.

2016-жылы жай айында аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, 249 киши каза таап, эки миңге чукулу жаракат алган эле.

Өлкө Президенти Режеп Тайип Эрдоган мунун артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, ал азырга чейин уланууда. Гүленди колдогон деген шек менен 80 миңге чукул мамлекеттик кызматкерлер: арасында аскер адамдары, соттор, полиция кызматкерлери, жогорку окуу жайларда иштегендер, журналисттер кызматынан четтетилген. Он миңдеген кишилер камакка алынган.

Шейшембиде Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы түрк бийлигинин мындай аракетин катуу сынга алды жана өлкөдөгү кырдаалды байкоого алган мониторингди кайра ишке киргизерин билдирди. Бул чечимди Түркия "маскарачылык" деп атады. (AbA)

Тектеш темалар