АКШ Түндүк Кореяга карата санкцияларын катаалдаштырат

КЭДР ракеталык сыноо учурундагы сүрөттөрүн жарыялдады. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption КЭДР ракеталык сыноо учурундагы сүрөттөрүн жарыялдады.

АКШ Түндүк Кореяга карата жаңы стратегиясын жарыялады. Санкцияларды катаалдаштырып, КЭДРдин өзөктүк жана ракеталык программаларын токтотуу максатында дипломатиялык кадамдарды жандантаарын билдирүүдө.

Президент Дональд Трамптын жаңы стратегиясы сенат менен болгон атайын жолугушуудан кийин жарыяланды.

Сенаторлор менен жыйында Түндүк Корея тараптан реалдуу коркунуч болуп жатканы кабарланган. Шаршембиде өткөн чукул жыйынга сенаттын бардык 100 мүчөсү тең катышкан.

Мунун алдында АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Тынч океан аймагы боюнча командачысы адмирал Гарри Харрис Түштүк Кореяга ракетага каршы коргонуу системасынын алдыңыкы үлгүсүн орнотууну жактап сүйлөгөн эле.

Эл өкүлдөр палатасындагы комитеттик угууда адмирал Харрис ар бир ракеталык сыноо өткөргөн сайын КЭДРдин коркунучу өсүп баратканын айтты.

"Ким барган сайын өзүнүн максатына жакындап жатат. Так айтканда ал америкалык шаарларга каршы ядердик сокку урууга жакындоодо»,-деген Харрис.

АКШ өзүнүн ракетага каршы THAAD системасын Түштүк Кореяга жайгаштырууда. Бул коргонуу системасы жакынкы жана орточо аралыкка атылган баллистикалык ракеталарды бутага жеткирбей жок кыла алат.

"АКШ Корея жарым аралындагы стабилдүүлүктү жана тынчтык жолу менен өзөктүк куралдардан баш тартууну максат кылат»,-деп айтылды АКШнын мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон жана Коргоо министри Жеймс Мэттис, Чалгын кызматынын жетекчиси Дэн Коутстун биргеликте жасаган кайрылуусунда.

"Биз бул максатка жетүү үчүн сүйлөшүүлөргө ар дайым ачык бойдон калабыз. Бирок ошол эле учурда биз өзүбүздү жана союздаштарыбызды коргоого даярбыз»,-деп белгиленген кайрылууда.

Би-би-си кабарчысы Барбара Плетт кабарлагандай, АКШнын жаңы планындагы негизги максаттардын бири Пхеньянды өз максатынан баш тартыруу үчүн Кытайды таасир этүүгө көндүрүү болмокчу.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption КЭДР лидери Кич Чен Ындын өлкөнүн куралдуу күчтөрүн кабыл алып жаткан учурундагы сүрөтү дагы жарыяланды.

Ак үйдүн өкүлү билдиргендей, КЭДРди «терроризмге кол кабыш кылган өлкөлөрдүн» тизмесине кайра киргизүү маселеси дагы каралып жатат.

Вашингтон акыркы апталарда Пхеньян тарабынан өткөрүлүп жаткан ракеталык жана өзөктүк куралдардын сыноосуна кабатырлануу билдирип, АКШга жанан анын союздаштарына коркунуч келип жатканы тууралуу бир нече ирет кайрылуу жасады.

КЭДР өкүлдөрү да кескин жооопторду узатып, эгерде эле АКШ тарабынан аскердик кийгилишүү болсо, өзөктүк курал меенн жооп берем деп коркутту.

Түндүк Кореянын негизги союздашы эсептелген Кытай тараптарды кырдаалды курчутпоого үндөп жатат. Кытайдын төргасы Си Цзиньпин жекшембиде Трампка атйын телефон чалып, бул маселени талкуулаган. Чыңалууга алып келе турган кадамдардан качууга чакырган эле.

Тектеш темалар