Борбор азиялык он эки киши экстремисттик топко шектелип кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Улуттук гвардия кызматкерлери тарабынан Калининградда теги борборазиялык 12 киши кармалды. Сүрөттүн автордук укугу Tass

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жана Улуттук гвардия кызматкерлери тарабынан Калининградда теги борборазиялык 12 киши кармалды. Бул тууралуу коопсуздук кызматынын басма сөз борбору билдирүү таратты.

Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, кармалгандар Орусияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, террористтик уюм катары таанылган "Ислам жихадынын» мүчөлөрү.

"Уюмдун лидери аныкталды. Ал Ѳзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик багыттагы кылмышы үчүн издөөдө жүргөн. Кармалган шектүү кылмышын моюнуна алып, террордук уюмга жакын туугандары да тартылганы тууралуу көрсөтмө берүүдө»,- деп билдирди коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү.

Коопсуздук кызматы кармалгандардан «эл аралык террордук уюмдардын кызыкчылыгы үчүн» кишилерди азгырып жүргөн деп шек саноодо. Орусиянын укук коргоо органдары кармалгандарды жакынкы күндөрдө экстрадициялоо ниетин билдирген экен. Бирок так маалыматтар айтыла элек.

"Ислам жихады -Моджахед жамааты» аталган уюм 2006-жылы Орусиянын Жогорку Соту тарабынан террористтик уюм деп табылган.

Тектеш темалар