Түркияда 9 миң полиция «Гүленге байланышы бар» деп жумуштан алынды

Кечээ күнү Түркияда атайын рейд өткөрүлүп, Гүлендин миңден ашуун жактоочусу кармалганы айтылган Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Кечээ күнү Түркияда атайын рейд өткөрүлүп, Гүлендин миңден ашуун жактоочусу кармалганы айтылган.

Түркиянын полициясы 9 миң кызматкерин АКШда жашаган белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы болгон деп кызматынан бошотту.

Полиция бул аракетин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгына байланыштуу деп түшүндүрдү.

2016-жылы жай айында аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, 249 киши каза таап, эки миңге чукулу жаракат алган эле. Өлкө Президенти Режеп Тайип Эрдоган мунун артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөгөн. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия бийлиги Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

Кечээ күнү Түркияда атайын рейд өткөрүлүп, Гүлендин миңден ашуун жактоочусу кармалганы айтылган. Бул соңку айлардагы полициянын эң ири операциясы болду.

Ѳлкөнүн Ички иштер министри Сулейман Сойлу операциянын максаты полиция күчтөрүнүн арасындагы «жашыруун имамдарга» багытталганын» билдирген.

Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, ал азырга чейин уланууда. 40 миңге чукул киши камакка алынып, 120 миңдейи жумушунан бошотулган. Алардын арасында аскер адамдары, соттор, полиция кызматкерлери, жогорку окуу жайларда иштегендер, журналисттер, адвокаттар бар.

Жакында эле Түркия президенттин укук-милдеттерин кеңейткен референдум өткөргөндөн кийин, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал абалын дагы үч айга узартты.

Тектеш темалар