20 миллион фунтка сатыкка коюлган кыштак ээсин тапты

Англиянын Норт-Йоркшир графтыгындагы Уэст Хэслертон кыштагы Сүрөттүн автордук укугу CUNDALLS
Image caption Англиянын Норт-Йоркшир графтыгындагы Уэст Хэслертон кыштагы.

Англиянын Норт-Йоркшир графтыгындагы Уэст Хэслертон кыштагы 2016-жылы баштапкы баасы 20 миллионов фунтка (болжолу 26 млн доллар) бааланып сатыкка чыгарылган эле.

Эми кыштактын ээси британдык Albanwise инвестициялык компаниясы болуп калды. Бирок канча каражатка сатылганы ачык айтылган жок.

Кыштакта 43 үй бар жана 21 бөлмөдөн турган чоң сарай жайгашып, чарбачылыкка ылайыкталган бүт шарттары бар. Жалпысы чакан кыштак 2116 акр аянтты ээлеп турат.

Сүрөттүн автордук укугу CUNDALLS
Image caption Соңку 150 жыл ичинде бул кыштакка бир үй-бүлө ээлик кылып, улам кийинки урпактарына мурас калтырып келген.

Соңку 150 жыл ичинде бул кыштакка бир үй-бүлө ээлик кылып, улам кийинки урпактарына мурас калтырып келген. 2010-жылы бул жердин ээси 84 жаштагы Ив Дануэй көз жумгандан кийин, мураскерлер жеке менчик кыштакты сатып жиберүүнү чечкен.

Ив Доунэй бул чакан кыштакты 20-кылымдын 60-жылдарында атасынан мурастап калган. Көптөгөн жылдар боюу ал бул жерде жашагандардан ижара акысын эң төмөн баада алып келген. Тургундар мындай мамиледен улам кыштак бош калбай, өнүгүп, өсүп турду деп белгилешет. Жыл сайын бул чакан кыштак 388 миң фунт киреше алып келген.

Сүрөттүн автордук укугу CUNDALLS

Чакан кыштак сатыкка коюлгандан кийин анын жашоочулары бул бир доордун соңуна чыкканы деп мүнөздөмө беришкен.

Тектеш темалар