Дамаск аэропортуна жакын жерде жардыруу орун алды

Архивден алынган сүрөт: 2013-жылы болгон Дамаск аэропортунун аймагындагы жарылуу. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Архивден алынган сүрөт: 2013-жылы болгон Дамаск аэропортунун аймагындагы жарылуу.

Бейшембиде таң эрте Дамасктагы эл аралык аэропорт жайгашкан аймактан кубаттуу жарылуу болгону кабарланууда.

Күбөлөрдүн айтымында, жарылуунун үнү 30 чакырым алыстыктагы Сириянын баш калаасы Дамаскка чейин угулган. Жарылуунун себептери жана кесепеттери боюнча маалыматтар айтыла элек. Жарылуу болгон жерден өрт чыккан.

Ирандык "Хезболла" кыймылы тарабынан көзөмөлдөнгөн ливандык "Аль-Манар" телеканалы аэропортко жакын жердеги күйүүчү май сакталган кампалар жарылганын кабарлады. Болжолу жарылууга израилдик аба күчтөрүнүн соккусу себеп болушу мүмкүн деп билдирди аталган телеканал.

Ливандык телеканалдагы маалыматтарга караганда, жарылуу материалдык гана жоготууларды алып келген, эч кандай курмандыктар жок деп билдирүүдө.

Ал ортодо израилдик маалымат каражаттары болсо, аэропорттун аймагындагы "Хезболла" кыймылынын согушкерлери пайдаланып жүргөн курал-жарак сактаган кампа жарылды деп кабарлады.

Тектеш темалар